super.kg logo
  Саясат  

Социалдык фонддун башчысы соцфондго төлөмдөрдү көтөрүү туура эмес болгонун моюнга алды

 

Мухаммедкалый Абылгазиев Социалдык фонддун башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев соцфондго төлөнүүчү камсыздандыруу төгүмдөрүнүн жогорулашы туура эмес болгонун моюнга алды. Парламенттин 17-февралдагы жыйынында депутат Өмүрбек Бабанов төгүмдөрдүн көтөрүлгөнүн сындап:

"Силер аймактардагы алтын казган компанияларда иштегендердин айлыгына карап эле чечим чыгарып салгансыңар. Реалдуу жашоо башка, элдин азыркы абалын эске алышыңар керек",- деп билдирди. Соцфонд башчысы кемчиликтер жоюлуп, жаңы мыйзам сунушталарын айтты.

"Аксы, Чаткал, Ала-Бука райондорун кыдырып келдим. Төрт адамга 1 сотых жер тийип, айына 18 тыйын төлөгөн жерлер бар экен. Аларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Тарифтерди кайра карап, жеңилдиктерди киргизүү тапшырмасы берилди. Карайбыз, айрым категорияларды тактап алышыбыз керек болууда. Кемчиликтер болгон, мисалы, айлыктарды эсептөө боюнча. Жакында жаңы мыйзам сунуштайбыз",- деди Абылгазиев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: