super.kg logo

Чолпон-Атадагы ат майданды оңдоп-түзөө маалында 2014-жылдагыдай эле бак-дарактар кыйылат

 

Быйыл сентябрда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында II Дүйнөлүк көчмөндөр оюну орун алат. Бул оюндар Бостери айылында жаңы курулган ат майданда өтөт.

Учурда бул ат майданды оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат. Ага жалпысынан 480 миллион сом сарпталат. Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Турдубек Мамбетов SUPER.KG порталына билдиргендей, аталган жерде унаа токтотуучу жайды куруу жана жолду жасоо үчүн айлана-тегерегиндеги бак-дарактар кыйылат. "Учурда тиешелүү мекемелер бак-дарактардын канча жылдан бери өсүп жатканын, эскилиги жетип-жетпегенин аныктап жатышат. Кыйылчу дарактардын санын айта албайм",- деди Т.Мамбетов.

Кошумчалай кетсек, бул жайга эки беткей жол курулат жана миңден ашык унааны батырчу унаа токтотуучу жай даярдалат.

2014-жылы Чолпон-Ата шаарындагы ат майдандын тегерегиндеги дарактардын кыйылганы коомчулукта чоң талкуу жараткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
17.02.2016. 14:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушул 480 миллионду чек араны коргоого жумсанар болбойбу? Акчаны бекер коротпой. Ал оюнду откоргон менен бизге кандай пайдасы бар? Озунун акчасын да актабайт. Былтыры ошондой болду го.
17.02.2016. 15:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
uragan007, Туура айтасын! Же акча кетирбей былдыркы ат майданда кыла беришпейби? Эх ушул акчага 48 троллейбус келмек же 50тез жардам унаасын сатып алып берсе окмот соопто калып элдин алкышына татымак. Эптеп бюджеттен акча болуп жемей экенда максатынар. Той болот тойдун эртесида болот демекчи ошол бойдон ат майдан чоп басып калат каралбай.
17.02.2016. 15:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бактарды кыйганга каршымын, бирок Республика боюнча озун озу камсыздоо жана ири олчомдо мамлекетке салык токкон Бостер айылы жана Чолпоната шаары. Ал эми жайкысын туристтердин конулун да бура турган бул биздин ат оюндарыбыз, ошондуктан мамлекет канча акча болсо дагы мен ипподромдун салынышын каалаймын.
Futuro түзөттү 2016-02-17 15:31:50
17.02.2016. 18:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Албете мен да кошулам сага мындай жайлардын болгону жакшы туристердин конулун бурат, анан дагы чыгаша чыкпаса киреше кирбейт дейт ал акча 480 миллион ашыгы менен кайтып келет келген коноктордон туристерден
17.02.2016. 21:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bul at maidan byltyrkydan bashkacha bolot i turisterdi tartkanga koozda bolot al jerde el aralyk sport turlorun otkorso bolot
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: