super.kg logo

Сарык оорусу ар бир төрт жылда күч алат. Акыркы жолу эпидемиялык көрүнүш 2012-жылы болгон

 

Сарык оорусу ар бир төрт жылда күч алат. Акыркы жолу эпидемиялык көрүнүш 2012-жылы болгон. Бул тууралуу маалыматты SUPER.KG порталына бүгүн, 17-февралда Бишкек шаардык мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун дарыгери Курманбек Өмүралиев билдирди. Анын айтымында, гепатит А вирусуна, башкача айтканда, "кир колдор" оорусуна жашы жете элек балдардын 75 пайызы кабылат.

"Өлкөдө гепатит А вирусу 2008-жылы күч алган, анда 2 миң киши бул ооруга чалдыккан. 2012-жылы эпидемиялык көрүнүш кайталанып, 3500гө жакын адам сарык болгон. Бул оору кайталанып турат, бирок аны күчөтүп жибербеш керек. Ал үчүн мектеп жана бала бакчанын дарыгерлери санитардык нормалардын сакталышын көзөмөлгө алып турушу кажет. Ал эми ата-энелер гигиенаны сактоо канчалык маанилүү экенин жакшы түшүндүрүшү зарыл.

Тилекке каршы, сарык оорусу балдар арасында жакшы байкалбайт. Жаш балдар чоң кишилердей болуп саргайып кетпейт, анын белгилери сасык тумоого же ич өткөккө окшош болот",- деди дарыгер.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
17.02.2016. 14:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сарык оруусуна не норма коюулуптурбу ар бир 4 жылда
куч алынгыдай.Жугуштуу болгондон кийин кобойуп кетет
да,азыр кээ бир жерлерде
суулары таза эмес.Тамак аш
болсо сыртта эле ачык сатылып
жатат текшеруу жок.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: