super.kg logo
  Саясат  

2016-жылдын 1-октябрынан тарта пенсия 10-11 пайызга жогорулайт

 

Кыргыз мамлекетинде 2016-жылы пенсияларды көтөрүүгө 854 миллион 460 миң сом каражат каралган. 2016-жылдын 1-октябрынан тарта пенсиянын суммасы 10-11 пайызга чейин көбөйүшү күтүлөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин 17-февралдагы жыйынында Социалдык фонддун башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди.

Ар бир пенсионердин пенсиясына орточо 400 сомдун тегерегиндеги сумма кошулат. Пенсияларды чегерүү жана жеткирүүгө кетчү чыгымдар 354 миллион 734 миң сом өлчөмүндө белгиленүүдө. Пенсия чегерүү жана кайра эсептөө үчүн бланктарды сатып алууга, пенсиялык иштерди Социалдык фонддун бардык аймактык башкармалыктарына жеткирүүгө 8 миллион 500 миң сом, пенсия төлөө боюнча кызмат көрсөтүүсү үчүн "Кыргыз почтасы" ишканасына 295 миллион 150 миң сом жана коммерциялык банктарга 51 милллион 083 миң сом сарпталары айтылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: