super.kg logo
  Саясат  

Бишкекте Малайзиядан бекер окууга кыргыз жаштарынын документтерин кабыл алуу башталды

 

Билим берүү жана илим министрлиги Малайзиянын университеттеринен бекер окуй турган кыргыз жаштарынын документтерин кабыл алууну баштады. Малайзиянын билим берүү системинин өзгөчөлүгүн эске алып (аталган өлкөдө окуу жылы апрель айында башталат) министрлик документтерди 2016-жылдын 8-мартына чейин тапшыруу зарылдыгын кабарлады.

Документтер кабыл алынуучу дарек: Бишкек шаары, Тыныстанов көчөсү - 257, 214-бөлмө. Телефон: (0312) 62-15-19.

Талап кылынган документтер:

"Kolej Mentari" университети боюнча:

Мектепти аяктагандыгы тууралуу аттестат эки тилде (түп нускасында жана англис тилинде);

Паспорттун сканерден өткөрүлгөн бардык бети;

IELTS же англис тили курсунан сертификат (эгер болсо);

Көк фондо тартылган паспорттук өлчөмдөгү 6 даана сүрөт;

Медициналык мекемеден маалым кат.

Лимкоквинг креативдүү технологиялар эл аралык университети боюнча:

Студент тарабынан толтурулган анкета;

Мектепти аяктагандыгы тууралуу аттестат эки тилде (түп нускасында жана англис тилинде);

Паспорттун сканерден өткөрүлгөн бардык бети;

IELTS же англис тили курсунан сертификат (эгер болсо);

Көк фондо тартылган паспорттук өлчөмдөгү 6 даана сүрөт;

Медициналык мекемеден маалым кат.

Талапкер тандоодо акыркы жыйынтыкты Малайзиянын ЖОЖдорунун атайын комиссиясы чыгарарын белгиледи министрлик.

Белгилей кетсек, Малайзиянын "Kolej Mentari" университети өлкөбүздүн 10 жаранын, Лимкоквинг креативдүү технологиялар эл аралык университети 5 кыргыз жаранын акысыз окутууга орун бөлгөнүн жакында Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы элчилиги кабарлаган эле. Элчи Кылычбек Султанов Малайзиянын башка окуу жайлары менен да сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: