super.kg logo

Ош шаарынын мэри Туран аймактык кеңешинин жашоочулары менен жолугуп, көйгөйлөрүн укту (фото)

 

Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаевдин кезектеги калаа тургундары менен жолугушуулары башталды. Кечээ, 16-февралда №1-Туран аймактык кеңешинин жашоочулары менен жолугуп, маселелерин угуп келди.

Анда буга чейин болгон жолугушуу жыйындарында айтылган маселелердин аткарылышы, Ош шаарындагы 2015-жылдагы жетишкендиктер жана ушул жылга карата аткарылуучу иш пландар талкууланды.

Айтмамат Кадырбаев эл менен жолугушуп, алардын маселелерин, сунуш-пикирлерин угуу өтө маанилүү экенин белгиледи. “Шаар тургундары менен жолугушуунун негизги максаты - сиздердин социалдык, коммуналдык маселелериңиздерди чечүү, сунуш-пикирлериңиздерди угуу. Буга чейинки сиздер менен болгон жолугушууда үйлөрдө жылуулук системин жандандырууну айткансыздар. Өткөн жылы калаада көптөгөн көйгөйлөр чечилди. Шаарыбызда жаңы заманбап үлгүдөгү 13 модулдук откана жана 17 отказан орнотулуп, 34 көп кабаттуу үй жылуулук системине уланды. Алардын катарында Туран аймактык кеңеши да жылуулук менен камсыз болду. Мындан ары да сиздерге сапаттуу кызмат көрсөтүү үчүн болгон аракеттер жумшалат”,- деди Кадырбаев.

Жолугушуунун жүрүшүндө тургундар шаар жетекчисине оозеки жана кат аркылуу сунуштарын, маселелерин айтышып, жооп алышты. Айтылган маселелерди чечүүнү Кадырбаев тиешелүү жетекчилерге тапшырды. Шаар мэринин тургундар менен жолугушуусу мындан ары башка аймактык кеңештерде уланат.

Эскерте кетсек, шаар мэри ушул кезге чейин шаардын бардык аймактарында төрт жолудан жолугушууларды өткөрүп, элдин көйгөйлөрүн чечүүгө аракет кылып келет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
17.02.2016. 16:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Неге Туран к.р бара берет Он адырга да. ХБК Восток Толойкон Кулатов к.р барып койгойлорду укбайбы канчалаган койгойлор батат. Озбектер коп жашаган жерлерге эле бара беришет. Эмнеси болсо да азыркы мэрди СДПК койгонда э
17.02.2016. 17:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ушу тойгозду туугандарынан кабар алганы тугонбой баарына тен болбойбу
17.02.2016. 18:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Shef87, Туугандар туура тушунгуло жакында Ош шаардык кенешине шайлоо башталат, эптеп жээндердин добушун алышым керек.
17.02.2016. 22:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ушул мээр тободогу сызылган сызыктан чыкпай элдин кыжырына тийди. Туугандар азыр аябай коколоп, тим эле сын менен саясатты суйлойт. Чек болуш керек да озбектердин озунун ич ара саясаты бар.Силер шарты тузуп бергиле,анан дагы корсотушот.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: