super.kg logo

Бишкекти шаар деп атоодон алыс кылган көрүнүштөр (фото)

 
Жусуп Абдрахманов көчөсүндөгү "Дордой" спорттук комплексинин жанындагы эл баскан "тротуар".
Кар эрип же жаан жааганда бутуң баткакка тыгылат.
Жусуп Абдрахманов көчөсү менен Жибек-Жолунун кесилишинен өйдө көздөй сейилдеп көрүңүз...
Анда ушундай терезелери сынык, эски имаратка күбө болосуз.
Курманжан датка менен Жибек-Жолунун кесилишинде жаз менен жай айларында чоң көлчүк пайда болот. Ал эми анын жанындагы аянт баткакка толот.
Шопоков көчөсүндө жайгашкан үй. Бул үй көп жылдардан бери турат. Абалы көрүнүп тургандай, урап түшчүдөй.
Жибек-Жолу көчөсү менен шаарыбызга келип-кеткендер көп. Бул үйдүн көрүнүшү шаар тууралуу кандай ойлорду калтырат?
Жусуп Абдрахманов көчөсү менен көтөрүлгөндө, Жарандык абалдын актыларын жазуу бөлүмүнүн имаратындагы жазууларды окууга болот.
Мындай жазуулар шаар ичинде өтө көп.
Бул жазууларды жазгандар бул жоруктан кандай пайда табышат?..
Дүкөнгө баруунун кажети жок, себеби көчөлөрдүн тиги тарабында, бул тарабында соодагерлер бар. Чүй кең көчөсү менен Жусуп Абдрахманов көчөсүнүн кесилиши.
Чүй кең көчөсү менен Жусуп Абдрахманов көчөсүнүн кесилиши
Бишкек шаардык мэриясынын маңдайындагы соодагер
Борбор калаабыздагы кадам сайын коюлган жарнамалык такталар, көрнөктөр шаарыбызга көрк кошпойт.
Бул жарнаманын илинип турганына бир топ убакыт болду. Жарнаманын убагы өтүп кеткенден улам кара боёк менен боёп коюшкан сыяктуу.
Партиялардын шайлоо алдындагы жарнамалары турак үйлөрдүн балкон, терезелерине чейин илинген.
Бишкекте жарнама тармагы өнүккөн.
Чыгыш-5 кичи району. Турак үйлөрдүн 1-кабаты дүкөндөргө айланган.
Курманжан датка көчөсүнүн Чүй кең көчөсүнөн кийинки бөлүгүндөгү чаржайыт курулуштардан, дүкөн, кафе, унаа жуучу жайлардын жарнамаларынан башың айланат.
Шаар тургундары таштанды таштоочу челектерге баргандан эринишет.
Бул отургучтун астына атайын таш төшөлгө коюлбай калганбы?..
"Унаа токтотууга болбойт" белгисин баарыбыз билебиз, бирок көңүл бургубуз да келбейт. Айдоочу унааны токтотуп базарга кирип бара жатып, анын унаасы сүрөткө тартылып жатканын көрүп кайра башка жакка токтотууга жөнөдү.
"Аламүдүн" базары. Нан жасап саткан жайлар чоң жолдордун чекесинде көп. Албетте, тиричиликтин амалы, бирок унаадан чыккан зыяндуу газдарды жана шаардын чаңын эске алуу керек.
Бул да болсо кадыресе көрүнүшкө айланган.

Борбор калаабыз Бишкектин тургундарынын саны 2015-жылдагы Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча 950 миң адамга барабар, ал эми расмий эмес маалыматтар боюнча 1 миллион 200 миңден ашат. Бишкекке күнүнө миңдеген адамдар келип-кетишет. Алардын арасында чет элдиктер да бар. Бүгүн биз Бишкек шаарын бүтүндөй кыдырбасак да, көзгө илинип, шаар үчүн өөн көрүнгөн жерлерди сүрөткө тарттык. Алгач эле шаарыбыздын жолдоруна көңүл бурулат. Унаа жүргөн жолдор буга чейин көп талкууланып, четинен оңдолуп жатканы кубандырат. Ошол эле маалда жөө жүрүүчүлөр үчүн жолдор каралбай калганы бар.

Бишкектин көчөлөрүндө кадам сайын жайгашкан жарнамалык көрнөктөр адамдын көңүлүн бурдурбай койбойт. Албетте, жарнамалардын негизги максаты - көңүл бурдуруу, бирок алардын саны көп болгондуктан, шаар ар кандай түстөргө боёлуп, көздү чарчатат. Ал эми эски имараттар шаарга көрк кошпогону баарына маалым. Жол четиндеги иретсиз курулуштар, кафелер, унаа жуучу жайлар, майда дүкөндөр Бишкекти чоң базарга айлантып койгондой. Ар кайсы жерлерге токтотулган унаалар да баш аламан жаратып, жөө жүрүүчүлөргө тоскоол болот. Буларга кошулуп жолдогу соодагерлер да ыңгайсыздык жаратышат. Тургундар тарабынан катачылык кетип, таштандыны көрүнгөн жерге таштоо адаты калбагандай.

Айта берсе, борбор калааны шаар деп атоодон алыс кылган себептер өтө көп. Кандай болсо да, Бишкек -өлкөбүздүн борбору. Шаарды көрккө чыгаруу аракетин ар бир тургун өзүнөн баштаса, келечекте Бишкек дүйнөнүн болбосо да, Борбор Азиянын кооз шаарларынын бири болот деген ойдобуз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 6 
Комментарийлер(16)
18.02.2016. 19:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Айрыкча шаарыбыздын центри болгон Чуй советский кочолорунун кесилишииндеги корунуштор окундурот. Анан дагы бизде урналар кандай кызмат аткарат баарыбыз биле бербейт окшойбуз)))
18.02.2016. 19:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Эн туура борборубуздагы койгойлуу маселени которупсунор.Жонокой адамдар коруп акылы жеткенге жогору жактын шаардын мэриясынын мээси жетпесе не кылабыз.Ашхабад Душанбе Ташкент Астана шаарларынын жанында албетте Бишкек ат сарайдай абалда турат.Борбордук болугу ушундай болгон сон четтеги жилмассивдерди айтып соз коротуунун кажети да жок.Качан бизге мээси иштеген иштин козун билген чарбачыл оз ою орду принциби бар корунгонго кол бала болбогон мэр келет билбейм.
19.02.2016. 19:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
kubat_73,туура айтасыз, Бишкекте оскон эмес, айылда оокат кылып оз короо жайын тын кармап чонойгон тазалыкты биринчи орунга чын журогунон койгон, иштин козун билген, катуу талапты кое билген адам керек.
18.02.2016. 20:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жаман коз менен карпсак жаман болуп кетеберет.Не болсо да Кыргызстанда коп табыйгый кооздук.
18.02.2016. 20:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Мерия мерия мерия иштеп жатат шаар ото коооз))))болгону кулкунду эле келтирет
18.02.2016. 21:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
шаарбы ушу чоон криминалдуу башаламан ач кыштак
18.02.2016. 22:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Бириксек баары колдон келет.Колдон келишинче шаарыбызды озубуздун уйдой таза кармайлы...
Государство толоп берет деп эле таштандыларды корунгон жерге таштап, жарнамаларды ар жерге илип коё бересинерби? Сен таза болсон, мен таза болсом, коом да таза болот.Ойлон Кыргызым, мамлекет бул биздин жузубуз.Жузубузду эч кимдин кирдетишине акысы жок.Ошондуктан аны таза кармайлы.《Тазалык баарыбызга, Шаарыбыз жалпыбызга》
18.02.2016. 22:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Илген жарнамаларды убагы буткондо дворниктер алып турушпайбы, ээээх эн эле орчундуу маселе деп ушуну айтыш керек.
19.02.2016. 00:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мээр не кылып отурат деймда жогорку кенеш куудулдарга асылбай ушуга окшогон проблемаларды чечпейби, анан сен жеп кеттин мен качып кеттим болбой шаарды ондош керек, уят эле башка олколорго, атам каякта карап жатат торт бурчтук шаарды ондой албай
19.02.2016. 01:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ош деле ушул. Даже хуже (((
19.02.2016. 01:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тулеев Мэр кезинде .онугуп баштаган болчу Шаар.тез эле аны да иштен Алды .акча жеди жер сатты деп..билбейм чын тогунун .соттоп да камап да коюшту.мекен учун куйгон деги чиновник барбы..баары эле тамагын ойлойт...
19.02.2016. 05:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Шаарды ондош учун мыкты шаар башчы керек.Азыркы заманда андай шаар башчыны табыш кыйын.Себеби шаар башчы болуп келген адам озунун кызыкчылыгын ойлойт.Анан да кооп каражат керек.Базарлардан тушкон каражат менен таштанды да чыгара албай жатышат.
Mongol1155 түзөттү 2016-02-19 05:45:15
19.02.2016. 10:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ай мэриягоо иштебейт аны баарыбыз эле билебиз, алдагы таштандыларды шаар тургундары таштайтда! Ушунчалык кош конул мамиле жасашат таштандысын машина келеерден бир кун мурун алып чыгып койушат, анысын ит мышык тытып чачып салат, машина келип колго илешкенин салат калгаеын шыпырып салмак беле, анан ошол ошол бобнча калат чачылып! Ошону машина келген куну алып чыкса болбойбу келип баарыбир сигнал берет кулакты тунутуп!Эл журт суранам,шаарга чыгып бараиып сала кетип мусурный бакка таштап кеткиле.
19.02.2016. 12:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бишкеке Мелис Мырзакматовду бир жылга чакырып мээр кылып кичине шаарды ондоп алсанар болот бирок ))
19.02.2016. 14:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мэр деп эле бир адамды карабашыбыз керек эн биринчи кезекте адамдар озубузду туура алып журушубуз керек,ар бир адам озунон башташ керек озубуз тазалыкты сактабасак мин мэр келсе да шаарыбыз, айланабыз жакшы жака озгорбой
19.02.2016. 15:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жазайын десен соз деле калбады биздин жетекчилерге
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: