super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңештин депутаттар тобу эстон эксперттеринин делегациясы менен жолугушту

 

Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин мүчөлөрү 17-февралда курамы сексуалдык жана репродуктивдүү ден соолук тармагындагы медициналык эксперттерден турган эстон делегациясы менен жолугушту.

Парламенттин маалымат кызматынан билдиришкендей, тараптар Кыргыз Республикасындагы репродуктивдүү ден соолуктун абалын талкууга алды. Депутаттар "Жарандардын репродуктивдүү укугу жана аларды ишке ашыруу кепилдиги жөнүндө" мыйзам кабыл алынганына карабастан, дагы да болсо чечиле турган көп көйгөйлөр бар экени тууралуу пикирге макул болушту.

Депутат Наталья Никитенко "Жарандардын репродуктивдүү укугу жана аларды ишке ашыруу кепилдиги жөнүндө" мыйзамдын аткарылуу жүрүмүн көзөмөлгө алуу зарылдыгын белгиледи. Ал эми тармактык комитеттин төрагасы Садык Шер-Нияз депутаттар менен эксперттерди тартуу аркылуу Саламаттыкты сактоо министрлиги менен бирге мыйзам базасына комплекстүү талдоо жүргүзүп, тиешелүү чараларды көрүү керектигин билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: