Өткөн суткада өлкөдө 6 өрт кырсыгы катталып, Өзгөн районунда мал сарайдын чатыры жана 1 тонна чөп күйүп кетти
Өткөн сутка ичинде өлкө аймагында 6 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 8 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган. Бул тууралуу бүгүн, 18-февралда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, борбор калаада 2, Чүй облусунда 5, Ош облусунда 1 өрт кырсыгы катталды.
Өзгөн районуна караштуу Дөң-Булак айыл өкмөтүндөгү үйлөрдүн биринен өрт чыкты. Анда эки кабаттуу, 20 чарчы метр, жыгач устундуу, шифер жабылган мал сарайдын чатыры, 1 тонна чөп күйүп кеткен. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:11
2025-07-11

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.