super.kg logo

"Бир күнү тырмагы көгөрсө, экинчи күнү кулагы көгөрүп, бети-башы тытылып келип жатты" дейт сабалды делген баланын энеси

 

"Уулумдун бала бакчага кезек аркылуу, эч кандай акча төлөбөй кабыл алынганы бала бакчанын жетекчисине башынан эле жаккан эмес. Баламды сабап, аны кемсинтүүгө эч кимдин акысы жок". Бул тууралуу бүгүн, 18-февралда SUPER.KG порталына Бишкектеги №52-бала бакчанын тарбиячылары тарабынан сабалды делген баланын энеси Жамиля Нуркулова билдирди.

“Менин уулум 3,5 жашта. Бул бала бакчага барганына 3 ай эле болду. Ошол учурдан тарта эле балам жетекчисине жаккан эмес, себеби биз эч кандай акча бербей, кезек аркылуу келгенбиз. "Сизди бул жакка ким жиберди?" деген суроолор да орун алган. Арадан 3 күн өтпөй “балаңыз тентек, сүйлөбөйт экен” деп айтып чыгышкан. Мен аларга анча көңүл бурган эмесмин. Бир күнү тырмагы көгөрсө, экинчи күнү кулагы көгөрүп, бети-башы тытылып келип жатты. Бала бакчага барып бул тууралуу айтсам, “бул бала бакчага акыл-эси толук балдар келет, сиздин балаңыз атайын адистештирилген бала бакчага барышы керек” деген жооп уктум. Балама кем акыл же оорукчан деген диагнозду дарыгерлер же адистер коюшу керек, бирок бала бакчанын кызматкерлери эмес. Эгер менин балам чынында эле ошондой болсо, ага бала бакчага жолдомо бермек беле?!”- деп ачууланды Ж.Нуркулова.

Нуркулова бирөөнүн гана эмес, өздөрүнүн балдарын ур-токмокко алгандар жазасыз калбашы керектигин белгиледи.

“Мени тарбиячынын “Психиатрда каттоодо турабы?” деген суроосу кыжырлантты. Биз бала бакчага келгенден баштап эле "башка жакка баргыла" деген сөздөрдү угуп келгенбиз. Менимче, булар менин уулумдун ордуна башка акчалуу бирөөнү алалы деп жаткан окшойт. Бала бакчанын жетекчиси Гүлмира Дайырова менден кечирим сурады, бирок бул мага аздык кылат. Менин эле эмес, ар бир ата-эненин баласын эч ким уруп-согуп, кемсинтүүгө акысы жок. Тиешелүү экспертизанын жыйынтыгы чыкса, анан дагы көрөбүз”,- деп кошумчалады ызаланган эне.

Белгилүү болгондой, “баласы сабалды” делген эненин эки баласы бар. Улуусу 17 жашта, ал эми кичүүсү 3,5 жашта. Учурда ал Ленин райондук ички иштер башкармалыгына арыз жазган жана соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгын күтүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(16)
18.02.2016. 16:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бул эмне деген шумдук
18.02.2016. 16:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ошол бала бакчага барган балдардын ата энелеринен сураш керек ишенуу кыйын
18.02.2016. 16:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Жамиля! Ото окунучтуу баланызга моралдык жактан зыян жеткиришиптир! Акча учун атасын саткандар кобойду айрыкча Кыргызстанда! Аябаныз мындайларды оз убагында жазалаш керек, антпесениз кечирип койсонуз кийин окуносуз! Менин инимдин беш жаштагы баласы да жапа чегип журот бала бакчанын шалаакылыгынан! Жыйынтык чыгарып дагы бир жолу супер инфого кабарлап койсонуз жакшы болот эле!
18.02.2016. 17:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Туура кунолуулор аныкталса жазаланышы керек!
18.02.2016. 18:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Куноолуулор жазалансын.укугу жок баласы урганга..тааныш билищ аябай оорчугон да.
18.02.2016. 18:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Камера козомолдорду бала
бакчаларга да койюш керек
деп ойлойм.Мындай корунушту
кайталанбайт деп ким кепилдик
бере алат.
Parish түзөттү 2016-02-18 19:02:52
18.02.2016. 19:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Албетте жаш баланы ур токмокко алганга эч кимдин акысы жок,бирок созум оор тийбесин апасына,балким балада бир аз отклонение сыяктуу бир деме чындыгында бардыр?Муну созсуз оздору учун текшертиш керек!Камера созсуз турдо ар бир бала бакчада болушу керек!Бул азыркы замандын талабы!
19.02.2016. 01:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Qnet,мумкун бала эрке чыгаар.улуусу 17 болсо андан 3.5 кенжеси болсо.
18.02.2016. 22:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ишенуу кыйын дейт,бул чындык элего менимче, кантип эле жакшы карап атса ушинтип арыздансын,эне да байкуш чыркырайт
18.02.2016. 22:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
3,5 жаштагы бала айтатко ким уруп капа кылгандарын. Мисалы менин балам 3,5 жашта баарын токпой чачпай айтып келет, кайсы бала урду,эмне тамак жегендерин.
19.02.2016. 01:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Meer, ар бала ар кыл да. Менин балам уч жашар ал да айтат. Бирок иним беш жашында аран суйлогон. Все индивидуально. Негизи бала когормок турсун катуу соз укпаш керек. Баланын чонтогуно диктафон салып жонотуш керек. Бирок бала чын эле эрке болуп озу мушташып келиши мумкун. Башка жакшы суйлогон группалаш бобоктордон сурасвн Жамиля
18.02.2016. 22:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Нысапсыздар...
18.02.2016. 23:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баланын укугун коргош керек. Коп жылдан бери дет.садикте иштейм.Тарбиячылардын баланы урганга эч кандай акылары жок тескерисинче тарбиялаш керек.
18.02.2016. 23:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул ишти аягына чыгарыш керек тастыктап.эгер чын болсо анда сосуз турдо жазалоо керек
19.02.2016. 00:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ушундайларды угуп орустарга рахмат дейсин.2кызым тен садике очередь менен кирди акчасы жок эл, бир жакшы карашат ыраазы болосун кайра.
19.02.2016. 15:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
aikol87, Туура айтасын барып-барып орустарга жалдырап калат окшойбуз кайра. Бирок садиктер мектеп эмес универиситеттен да кымбат болуп кетти.Эптеп киргизсен анан башталат за ремонт, копилка,идиштерине,мыло моющий,пастелине,чай питье,нянясына, охраникке дегеле толтура. Праздниктерди айтпай эле коеюн.Мен 2 балама зорго жеткирчи элем.Катуу суйлосон эле олдун да эртеси бала айтып келет урушту деп.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: