super.kg logo

Өзгөчө кырдаалдар министри Орусияда эрдик көрсөткөн Марат Исаевдин ата-энесине уулунун эрдиги үчүн ыраазычылык билдирди

 
Марат Исаевдин жубайы жана кызы

2016-жылдын 18-февралында Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаардык башкармалыгынын башчысы Нурлан Баймуратов, Ош шаардык башкармалыгынын өздүк курамы Марат Исаевдин ата-энесине өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Кубатбек Бороновдун ыраазычылык катын ыйгарышты. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Ыраазычылык катта министр, генерал-майор Кубатбек Боронов Мараттын ата-энесине: “Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өздүк курамынын жана жеке өзүмдүн атымдан элине жана мамлекетине сыймык алып келген уулуңуздар Маратты боорукер, баатыр, куткаруучу кылып өстүрүп, тарбиялагандыгыңыздар үчүн сиздерге терең ыраазычылык билдиремин!

Ар бир ата-эне өзүнүн уул-кызын элинин керегине жарап, артынан дайыма жакшы сөз чыгып турса деп тилейт жана кыялданат. Марат сиздердин ошол кыялды орундатып, чет жерде эрдик көрсөтүп, кыргыз элинин, кыргыз жигиттеринин боорукерлигин, баатырдыгын, ыймандуулугун, кыйын кырдаалдагы чечкиндүүлүгүн көрсөттү",- деп жазган.

Ошондой эле министр Марат Исаев мындан ары жалпы кыргыз элинин уулуна айланганын белгилеген.

Марат Исаев Кыргыз Республикасынын жараны, үй-бүлөлүү, бир кыздын атасы. Аялынын айтымына караганда, камкор ата жана ар дайым башкаларга жардамын аябаган инсан. Орусияда иштеп жүргөнүнө 8-9 жылдай болду, барып-келип үй-бүлөсүн багат. Марат Исаев быйыл 10-мартта кызынын туулган күнүнө мекенине келери маалым болду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 6 
Комментарийлер(8)
18.02.2016. 16:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Туура кылышыптыр ата-энесин сыйлап,жалпы кыргыз эли сыймыктанып отурат,чын эле элдин уулу болду,жасалмасы жок чыныгы баатыр деп ушуну айтса болот.Азамат!
18.02.2016. 16:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Акчалайда жардам берип койбоптур азырак болсодо министир
18.02.2016. 16:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Uluk_Kalyev,президент именной(аты жазылган) сааттан сырткары акчалай сыйлык берет экен.
18.02.2016. 16:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ата Энеси озгочо суйунуп сыймыктанып олтурса керек, Азамат марат.
18.02.2016. 17:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстандын супермени болдуго бул жигит азамат, жакшылык кылыш керек,жардам бериш керек муктаждарга,бир кун кайтат ушинтип эле,пендесинен болбосо АЛЛАХтан дегени ушуда.
18.02.2016. 17:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
РФда да РенТВ каналынан кайра кайра корсотуп жатат,Маратты.Азаматсын Марат,чыныгы эр журок жигит.
18.02.2016. 17:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушундай баланы остургон ата-энесинин суротун дагы чыгарып койгула ыраазычылык билдирген учурда.
18.02.2016. 18:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Акчалай сыйлык да берилет экен эле дешет.Бирок бир тыйын деле бериле элек го али кунго чейин.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: