super.kg logo

Ош шаарынын Аскердик прокуратурасы жоокердин сабалышы боюнча жооп кайтарды

 

"18 жаштагы уулум Нурпайыз Дүйшөнбековду төрт жоокер жана ротанын улугу кур менен заңдап койгончо сабап салышыптыр",- деп Камчыбек Жумакадыров бүгүн эртең менен SUPER.KG порталына кайрылган. Акыйкаттык издеген атанын кайрылуусунан кийин Ош шаарынын Аскердик прокуратурасы менен байланышсак, бул факт боюнча Жумакадыровдон арыз келип түшкөнүн билдиришти.

Аскердик прокуратуранын жетекчисинин орун басары Мухамед Жолоновдун айтымында, учурда текшерүү иштери жүрүп жатат. “Ооба, бизге бул маселе боюнча Нурпайыздын атасы 2-февраль күнү арыз менен кайрылган. Азыркы күндө текшерүү иштери жүрүп жатат”,- деп жооп кылды Жолонов.

Камчыбек Жумакадыров бизге: "Уулум Оштогу №30629-аскер бөлүгүндө кызмат өтөп жүргөн. Анда төрт жоокер жана ротанын улугу Ильич Таштанов уулум Нурпайызды жоокерлер менен дааратканага алып кирип, курдун башындагы темири менен башка-көзгө чапкылап, сийип-заңдап койгончо сабашыптыр. Анан ооруканага алып барышпай, медициналык-санитардык бөлүмдө бир айга жакын көк аласы тарап кеткенче кармашкан. Уулум ал жерден өзүнө келбей, эс-учун жоготуп, өйдө-төмөн сүйлөй баштаганда психикалык ооруканага алып барып салышкан. Азыр ал оорукананын дарыгерлери баламдын соттук-медициналык экспертизасы чыкмайынча ооруканадан чыгарбайбыз деп жатышат. Бул иш боюнча Оштун Аскер прокуратурасына кайрылгам. Ал жердин тергөөчүсү "тиги балдардан сурадым, алар урбаптыр" деп ишти жакшы карабай жатат. Балам нес болуп, коркуп калган. Ильич Таштанов уулума келип "бул окуяны эч кимге айтуучу болбо" деп коркутуп кетиптир",- деп кайрылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(8)
18.02.2016. 18:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Качааан бир баланы майып кылып же олтуруп койгондо карайсынарбы? Жаны барган аскердик жигиттерди козомолго алып тургула,дедавшина андай нерселер армияда болуп турат,андай болбосо жигиттик атка намыска туура келбейт дегендерге тушундуруу иштерин жургузгуло,ар бир нерсе чеги менен болуу керек,чондорго бийлик мансап акча кресло болсо болду башкасына конул бурбайт азыр!
18.02.2016. 20:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Santanna,олтуруп коюп деле карабай жатпайбы. Канча бала олду. Бизде закон деген жок. Аллах жазасын берсин булардын.
19.02.2016. 09:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Santanna,майып кылып эмес олтурупле коюшуп жататко,качан оздорунун балдары ушундай болуп,боору эзилгенде карашат.Бирок андайда вооюще жок кылып таштаса керек,солдат полдаты менен эч кимди калтырбай,себеби ал чондун баласыда,журогу ачышатда чондор баласына.
Огуну бир чону озунун баласы ооруп калганына,бироонун баласын сабап салыптырго тообо.
Кудай сактасын,мындай нерсени эч кайсы ата энеге корсотпосун мындай нерсени.
18.02.2016. 20:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Биронун умут максат мн баккан баласын чонойгондо олтуруп кою же уруп керексиз адам кылып койгон кандай окунучтуу?бул кандай жакшылык?ургандар башы мн жоопко тартылуусу керек!ошенте беришсе ким жоноткусу келет баласын,кыйналып чонойтуп бой жеткенде эч ким баласынан айрылгысы келбейт!жакшылап суракка алып оз жазасын бериш керек.
18.02.2016. 22:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ата,энеси балдарын ургула,олтургуло деп армияга жонотуп аткансып,олтуруп деле,уруп деле,жоголуп кетти кылып деле жатышат.Деги кудайдан коркпогон пенделер экен го.
18.02.2016. 22:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ушундай кыйноону, олумду, келтекти коруп туруп кайсы ата-эне жиберсин баласын армияга!!
Козомол качан болот бизде деги!!!
19.02.2016. 02:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошол частьтын офицер лерин и тиги ХХХ ХХХ ушу прокуратурага.
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-02-19 12:04:43
19.02.2016. 12:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
AlbertEnshtein,
Кимдир бирөөнү кемсинтүүгө тыюу салынат!
5 күн БАНга!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: