super.kg logo

"Сен сүйгөн кыргыз макалы" сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды

 

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия "Сен сүйгөн кыргыз макалы" аттуу эссе жазуу сынагын 2015-жылдын октябрь айында жарыялаган. Жалпы билим берүүчү орто мектептерде район-шаардык, облустук жана республикалык, ал эми жогорку окуу жайлардын студенттери факультет ичинде, окуу жайдын ичинде жана тандалып алынгандар республикалык сынакка катышышкан. Бул тууралуу бүгүн, 19-февралда Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиядан билдиришти.

Жалпысынан сынакка келген 125 катышуучунун 41и жогорку окуу жайларынан, ал эми калган 84ү мектеп жана кесиптик окуу жайлардан болгон. Иштерди текшерүүдө купуялуулук толук сакталып, жеңүүчү аныкталгандан кийин аты-жөнү, кайдан келгендиги жөнүндө маалыматтар ачык болгон.

Баш байгени Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын Кыргызстандын 50 жылдыгы атындагы №2-орто мектебинин 9-классынын окуучусу Адилет Медербек уулу алды. Ал эми 1-орунга Кочкор районунун Ш.Абдылдаев атындагы орто мектебинин 10-классынын окуучусу Даткайым Кабылбекова ээ болду.

Жогорку окуу жайлар боюнча 1-орунду Ош мамлекеттик университетинин чет тилдер факультетинин 1-курсунун студенти Өмүргүл Канатбек кызы алды.

Маалыматка ылайык, сынактын жеңүүчүлөрү Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын атайын дипломдору жана китептери менен сыйланышат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: