super.kg logo

Түрк туристтеринин кыргыз өлкөсүнө болгон кызыгуусу күчөп жатат

 
Тянь-Шандагы Максим Горький чокусу

Түрк туристтеринин кыргыз өлкөсүнө болгон кызыгуусу күчөп жатканын USAID`дин изилдөөлөрү көрсөттү. Бул тууралуу Америка Кошмо Штаттарынын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин расмий сайтында жарыяланды.

Маалыматка ылайык, түрк туристтерин өзгөчө Бурана, Аль-Сарахи байыркы көрүстөнү жана
Саймалуу-Таш петроглифтери кызыктырат. Изилдөөдө боз үйдө жашоо, көчмөндөрдүн оюндары жана кыргыз тамак-аштары, музыкасы Түркиядан келген конокторго кызыктуу болору айтылган. Андан тышкары изилдөөнүн бет ачарында Түркиядан туристтердин келишине өбөлгө түзүү боюнча рекомендациялар берилген.

Кыргыз өлкөсүнүн туризм жааты үчүн Түркия чоң жана изилдене элек рынок болуп эсептелет. Ошону менен бирге Түркиянын туристтик операторлору жаңы багыттарды ачууга кызыкдар. Изилдөөгө ылайык, 2014-жылы 8,3 миллион түрк жараны иш жана эс алуу үчүн дүйнөнүн ар тараптарына сапар алышкан. Жыл сайын 300 миңден ашуун түрк туристтери адаттагыдай эмес туристтик багыттарга барып турушат.

Бул изилдөөнү USAID “Эгемендик” аттуу кыргыз өлкөсүнүн түрк жогорку окуу жайларынын бүтүрүүчүлөрүнүн бирикмеси менен бирге өткөргөн. Жакын арада USAID Кыргыз Республикасын туристтик багыт катары түрк жарандарынын арасында белгилүү кылууга кызыкдар жактарды колдоону пландаштырып жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
19.02.2016. 15:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кучоп атса келишсин,welcome...
19.02.2016. 17:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
туристтик кылбай эле аркар кулжа атканы келишкени кызыкдар болушса керек [moderated]да толуп кеткенго биздин тоолордо канчалаган текелерди атышканы озубуз атсак турмого тыгат сразу
бийликтегилерге акча берсе койнундагы катынында салып беришет
19.02.2016. 18:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туризм менен кыргызстан эбак байымак ак уйдогу чирик баштар адам болгондо Ысык колго сиянит токпогондо туристерди зордуктап чон муштумдар коркутуп чонтокчулор антарып таксистерин гаилерин гостиницаларын патолокту теппегенде
20.02.2016. 01:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биздин мамлекет эн кооз бирок биз аны туура пайдалана албай жатабыз мисалы Ыссык-Колду Дубай Щвецария кылып койсо болмок анан туристердин саны кобоймок Кыргызстан ошол нерсе м.н онугуп кетсе да болот эле
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: