super.kg logo

"Кыргызстан", "демократия", "коррупция" деген сөздөрдү ката жазган Ибраимовдун Бишкекти өнүктүрө турган беш кадамы

 

Бишкек мэрлигине талапкер Албек Ибраимов бүгүн, 19-февралда кыргыз тили боюнча сынактан өттү. Ибраимов программасын оозеки жана жазуу түрүндө баяндап берип, "Манас" эпосунан үзүндү окуду. Талапкерден сынак алган атайын комиссия ага "кыргыз тилин билет" деген баа берди.
Бирок анын жазуу түрүндө берген программасынан одоно каталарды көрүүгө болот. Мисалы, "коррупция" деген сөздү "корупция" деп жазган. Ошондой эле башка каталарга да орун берген.

Албек Ибраимов: "Өзүмдүн программамдагы 5 кадам:
1. Бюджеттик саясатты күчөтүү, өзгөчө толуктоо бөлүгүн;
2. Бишкек таза, коопсуз жана эркин адамдардын шаары болууга тийиш;
3. "Коопсуз шаар" программасынын алкагында жол тыгындарын азайтуу;
4. Бишкек шаары Кыргыз Республикасынын борбору катары дүйнөлүк аренада өзүнүн аброюн көрсөтүп турушу керек;
5. Коррупция менен күрөш. Коррупция менен күрөшүү демократия алкагында жетишилет"
,- деп жазган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(46)
19.02.2016. 19:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Не дейбиз эми чоңдор баары эле ошондой да. Депутаттардын акыбалы да кыйын,башчы боло турган адамдардын жазгандар бул. Эмне дейбиз кыргыздарды жеп бүтө турган болдуңар дейбиз да.
19.02.2016. 20:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Өтө уят, 10 дон ашуун катасы бар жана сүйлөмдөрдө сөз айкашы жок, жазуу стили бузулуп, туура багыты жана мааниси жоголгон. Урматтуу Алмазбек Шаршенович Кыргызстанды байлар же сиздин компанияларыңызда эмгектенген сабатсыз кызматкерлериңиз эмес, профессионал, адилеттүү жана терең билимдүү жаштар реформа жасоого күч-кубаты жетет жана жаштардын эмгекке, ишке болгон жөндөмү жогору, кызыгуусу күч! Кадр тандоону билбейбиз! Каттуу үшкүрүнүүгө мажбур болосуңда! Ах ах арманооооййй!
20.02.2016. 18:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
STAN_KG, жазгандарыңызга кошулам, бирок өзүңүз да пунктуациялык, орфографиялык эрежелерди жетекчиликке алсаңыз болмок. Ар ким оңолууну өзүнөн башташ керек!
19.02.2016. 19:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-20
шашып,толкунданып кетсе керек да,кээде ошондой болот,мен экзамен тапшырып жатып Г тамгасы кандай жазылаарын где-то 30секундка унута тушуп шок болгом)))мурда жалан печатный тамгалар менен жазып журуп жазуу турундо эстей албай,англисче вариантын жазып кайра очуруп иши кылса жинди болгом.
19.02.2016. 20:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бул толкундануу эмес, мындай учурларда ооба ар дайым толкундануу болот дечи, бирок татыктуу билим албагандыктын жана сабатсыздыктын натыйжасы! Өкүнүчтүү, мектепте жакшы окуган 5-класстын окуучусу да туура жаза алат! Аттиң ай, аттиң ай, армандуу жашоо ай!
20.02.2016. 01:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
STAN_KG,толук текстин азыр кордум,абдан сабатсыз экен,уяяят)))))кантип башкарат шаарды,срочно бир чара корулушу керек! .
19.02.2016. 19:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-14
Мен да одноклассниктеги порольумду 6 жылдан бери мээде эле сактап журуп бугун таптакыр эстей албайм десен бир тамгадан жанылган жамаан экен....
19.02.2016. 21:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Жазуу иши башка, ал эми паролду унутуп калганыңар такыр башка маселе. Ушунча көп ката жазуу менен актанууга болобу? Адилеттүү баа бергенди үйрөнөлү туугандар, анткени өз учурунда ачык айтпай жүрүп, саясат оорусу ашкере болуп ракка айланып калганда гана уйкудан ойгонгондой абалда жүрөбүз!
21.02.2016. 20:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
одноклассниктеги - одноклассникидеги
Порольумду - паролумду

Тамгалардын көбү эле секирип кетиптир
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: