super.kg logo
  Саясат  

Айтмамат Кадырбаев президентке Ош шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн динамикасы жана комплекстүү инфраструктуралык долбоорлор боюнча маалымат берди

 

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 20-февралда Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаевди кабыл алды. Бул тууралуу президенттик аппараттан кабарлашты.

Жолугушууда мамлекет башчы Ош шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн динамикасы жана комплекстүү инфраструктуралык долбоорлордун, анын ичинде автоунаа жолдорун жана көпүрөлөрдү куруунун жүрүшү тууралуу маалымат алды.

Айтмамат Кадырбаев жылуулук берүүчү сезондун ийгиликтүү өтүп жатканы жөнүндө да баяндап берди. Ош шаарынын мэри быйыл аяктаганы турган түштүк борборду таза суу менен камсыз кылуу системин модернизациялоо боюнча жасалып жаткан иштерге токтолду.

Президент Алмазбек Атамбаев кийинки жылдары шаар тургундары үчүн ыңгайлуу турмуш шарттарын түзүүгө багытталган Ош шаарын инфраструктуралык өнүктүрүүнүн бир катар негизги маселелери чечилгенин белгиледи.

Мамлекет башчысы түштүк борборду мындан ары өнүктүрүү боюнча долбоорлорду өз убагында жана сапаттуу ишке ашырууга байланыштуу Ош шаарынын мэрине бир катар тапшырмаларды берди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: