super.kg logo

Бишкектин Мурас-Ордо конушунда мектеп автобусу иштей баштады

 

Бишкек шаарынын Биринчи Май районунун Мурас-Ордо конушунда мектептердин жоктугуна байланыштуу окуучулар Чүй облусунун Степное айылындагы "Келечек" мектебине барып окушат. Мындан улам алар үчүн атайын транспорт уюштурулду. Бул тууралуу Бишкектин мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Мурас-Ордо конушунда жашаган 160тан ашуун бала "Келечек" мектебинде окуйт, аларды мектепке мугалимдер жеткиришет. "Райондук билим берүү борбору жергиликтүү башкармалык менен биргеликте күн сайын балдардын мектепке жеткирилишин көзөмөлдөп турат. Окуу жылынын башынан бери Биринчи Май районунун администрациясы "Келечек" мектебин китептер менен камсыздап, материалдык-техникалык базасын жакшыртууда. 2015-жылы райондук бюджеттен мектепке 834,7 миң сом бөлүнгөн. 2016-жылы болсо 1 943 миң сом каралган",- деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
22.02.2016. 08:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Шедрое лето рекламасын чаптаганга улгургонго.
Жакшы болуптур автобус берилип балдарга... Балдардын келечеги билим алуусу учун шарт тузулгону жакшы.
22.02.2016. 12:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Байкуш Мурас ордого жакшы болгон турбайбы инфраструктурасы жок деп участогумду сатып ийип кетип калдым эле каап
22.02.2016. 23:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мектеп автобусун кобойтушсо болот эле шаар ичинде дагы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: