super.kg logo
  Саясат  

Путин менен Обама жакынкы арада Сирия боюнча сүйлөшүү жүргүзүшөт

 

Орусиянын президенти Владимир Путин менен АКШнын президенти Барак Обама жакынкы арада Сирия боюнча келишимди талкууга алышат. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматтарга ылайык, АКШнын Мамлекеттик департаментинин башчысы Жон Керри Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолугуп, президенттердин сүйлөшүү форматын макулдашышты. "Тышкы саясий мекемелердин башчылары Сирияда террордук уюмдарга каршы жүргүзүлүп жаткан операциялардан тышкары башка согуштук аракеттерди токтотуу үчүн керектүү шарттарды жана мүмкүнчүлүктөрдү талкуулашты. Керри Сирия боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жаткандар учурда тынчтык түзүүгө жакын экенин билдирди. Ошол эле маалда бул макулдашуулар боюнча айрым пикир келишпестиктер бар экенин баса белгиледи",- деп жазышат басылмалар.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: