super.kg logo

ИИМдин өкүлү Анкарада эмгектенип жана окуп жүргөн кыргыздар менен жолугушту

 

Кечээ, 21-февралда Кыргыз Республикасынын "Достук жана маданият" коомунун Анкара өкүлчүлүгүнүн кеңсесинде Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин 10-Башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Раим Салимов жана Кыргыз Республикасынын Түркиядагы элчилигинин өкүлдөрүнүн катышуусунда Анкарада эмгектенип жана окуп жүргөн мекендештерибиз менен жолугушуу өттү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына аталган коомдун башкы катчысы Адилет Абишов билдирди.

"Жолугушууда учурдагы дүйнөдө жана Кыргыз Республикасындагы терроризмге каршы болуп жаткан иш-чаралар туурасында мекендештерге маалымат берилди. Ошондой эле Салимов Сирияга жихадга жөнөп жаткандардын көпчүлүк бөлүгү Түркия аркылуу кетип жатканын белгилеп, андай туура эмес иштерден алыс болууга чакырып өттү. Согушка кетип жаткандар интернет аркылуу ар кандай
видеочакырыктарга азгырылып жатканын баса белгиледи. Анкарада жүргөн бардык мекендештерге андай иштерге азгырылбастан, туура жолдо жүрүү керектигин эске салып, бардык күмөн саналган учурда ИИМдин 10-Башкы башкармалыгы жана элчилик менен байланышка чыгуусун айтып өттү. Жолугушуунун аягында мекендештердин ар кандай суроолоруна жооп берилип, диаспоранын жасап жаткан иштери менен таанышып чыгышты",
- дейт Абишов.

Ички иштер министрлигинин 10-Башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары мындан ары диаспора менен тыгыз байланышта болуу ниети бар экенин кошумчалаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
22.02.2016. 10:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушу турецкий ЖОЖдордун билим денгээли сабатсызго дейм айтканым себеби дегиле ушу СЕБАТТА окуп андан сон Турцияга барып окууну аяктап келгендердин бирисин да корбодум норм жумушта иштеп жаткандарын
22.02.2016. 20:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Zalkarbek.Kg,Себеби, алар Кыргызстанга кайтып келе элек да. Бизде жалаң акча менен жумушка орношуп жатса, алар кантип норм жумушка орношот. Алар кайра чет жакка эле качышат. Себатта, андан соң Түркия, жб. окугандардын көбү Европа менен Америкада иштеп жүрүшөт азыр. А биз отурабыз алар норм жумушка деле орношо алышкан жок деп :)
ASELENOK түзөттү 2016-02-22 20:41:03
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: