super.kg logo
  Саясат  

Өкмөткө Бишкек – Чалдыбар жолун кеңейтип калыбына келтирүү долбоорун пландаштыруу сунушу берилди

 

Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитети "Япония өкмөтүнүн нотасына карата Кыргыз Республикасынын жооп нотасын жана КРнын Өкмөтү менен Япониянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин ортосундагы эл аралык маанидеги жолдорду жакшыртуу долбоору боюнча карыз жөнүндө макулдашуусун ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоорун карады.

Келишимге ылайык, Япония Эл аралык кызматташтык агенттиги Ош-Баткен-Исфана жолунун жана Ош-Бишкек жолунун айрым тилкелеринин курулушуна 11,915 миллиард иена (116,47 миллион доллар) өлчөмүндө жеңилдетилген насыя берет. Насыя 0,1 пайыздык үстөгү менен 40 жылдык мөөнөткө берилип, анын алгачкы 10 жылы жеңилдетилген мөөнөт болуп саналат. Ал эми кыргыз тарап долбоорду 1,727 миллиард иена (16,88 миллион доллар) көлөмүндө кошо каржылоого тийиш.

Талкуу жүрүшүндө комитет мүчөлөрү өкмөткө Бишкек – Чалдыбар жолун кеңейтип калыбына келтирүү долбоорун да пландаштыруу сунушун берди. Алардын пикиринде, бул жолдогу унаалардын агымын азайтуу үчүн, жол нугун кеңейтүү зарыл. Ал эми депутат Мурадил Мадеминов жерди трансформациялоо маселесин чечүү жүрүмүн тездетүү көйгөйүн көтөрдү, анткени бир катар жол долбоорлорунун курулушу ушул маселеге келип такалууда.

Депутаттар бул маселелерди министрдин жеке өзүнүн катышуусунда кайрадан кароо сунушун берди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: