super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңештин депутаттары Тажикстандын депутаттарына жер реформасы боюнча тажрыйба менен бөлүшүүгө даяр экендиктерин айтышты

 

Бүгүн, 22-февралда Мирлан Бакиров баштаган Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин депутаттары Тажикстан парламентинин депутаттары, аткаруу бийлигинин өкүлдөрү менен жолугушту.

Жогорку Кеңештен билдиришкендей, жолугушуунун максаты Кыргыз Республикасынын жер реформасы жана кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоо боюнча тажрыйбасы менен таанышуу болду.

Алгач КРнын тиешелүү мекемелери тарабынан 1991-жылы башталган жер-агрардык реформанын жүргүзүлүшү жана кыймылсыз мүлктү мамлекеттик каттоо маселелери, ченемдик-укуктук базанын түзүлүшү, укуктарды мамлекеттик каттоодогу кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртуу боюнча баяндама жасалды.

Жолугушуунун жүрүшүндө тажик парламентинин депутаттары жер үлүштөрүн бөлүштүрүүнүн этаптары, таркатылган жер үлүшүнүн орточо көлөмү, канал, сугат түйүндөрү кимге таандык экени сындуу суроолоруна жооп алышты. Ошону менен катар алар Кыргыз Республикасы жер реформасынын бардык этаптарын басып өткөнүн айтып, Тажикстанда мындай реформаларды жүргүзүүдө күтүлүүчү кыйынчылыктарга кызыгышты. Мындан сырткары тажик парламентинин депутаттары Кыргыз Республикасында жер реформаларын жүргүзүү социалдык өңүттө башталганын, ал эми Тажикстанда бул маселеде социалдык дагы, экономикалык дагы өңүттө иш жүргүзүүгө туш келгендигинен улам кыйынчылыктар көп экени белгилешти. Комитет төрагасы Мирлан Бакиров эң биринчи кезекте жерлерди инвентаризациялоону өтө так жүргүзүү зарылдыгына токтолуп, биздеги тажрыйба менен бөлүшүүгө даярдыгын айтты.

Жыйынтыгында тажик парламентинин өкүлдөрү мындай эки тараптуу тажрыйба алмашуу багытындагы жолугушуулар пайдалуу экенин, мындан ары дагы кызматташууга үмүт артарын айтып, ыраазчылыктарын билдиришти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: