super.kg logo
  Саясат  

Темир Сариев: "Өлкөбүздүн коопсуздугун көздүн карегиндей сактоо милдети ар бирибизге жүктөлгөн"

 

Бүгүн, 23-февралда премьер-министр Темир Сариев Кыргыз Республикасынын элин Ата Мекенди коргоочулардын күнү менен куттуктаганын өкмөттөн билдиришти.

Өкмөт башчынын куттуктоосу:

"Урматтуу мекендештер!

Каарман мекен коргоочулары!

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан жана өзүмдүн атымдан сиздерди Ата Мекенди коргоочулардын күнү менен чын дилимден куттуктаймын! Өзгөчө Куралдуу күчтөрдүн курамында кызмат өтөгөн жана кызмат өтөп жаткан аскерлерди, өз өмүрүн эли-жерин коргоого арнаган офицерлерди, генералдарды куттуктагым келет.

Бул майрам – мекенди сүйүүнүн, баатырдыктын жана эр жүрөктүүлүктүн майрамы. Эзелтеден элибиз Ата Мекенди коргоону ыйык милдет катары көрүп, эр жигит Ата Журттун ишенген тиреги, эң кыйын сыноолордо майтарылбас кайраттуулуктун, каармандыктын үлгүсү болгон. Ушул ыйык салтты улап, бүгүн да өлкөбүздүн коопсуздугун көздүн карегиндей сактоо милдети ар бирибизге жүктөлгөн. Өлкөбүздүн ар бир жараны бул ыйык милдетти жакшылап түшүнүп, аны ак ниеттик менен аткарат деп ишенем.

Бүгүнкүдөй коопсуздук эң башкы маселеге айланган заманда өлкөбүздүн тынчтыгы, чек араларыбыздын бекемдиги жана жарандарыбыздын коопсуздугу өзгөчө мааниге ээ болуп турат. Бүгүн тынчтыктын баасы, баркы болуп көрбөгөндөй артып, ал үчүн жоопкерчилик ар бирибиздин мойнубузда экенин түшүнүүдөбүз. Ошондуктан ар кандай чакырыктарга туруштук берүү үчүн баарыбыз биримдикти бекем сактап, мекен коргоочулары өз милдетин ар-намыс жана ак ниеттик менен аткарышы керек.

Учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү мындай кырдаалды толугу менен түшүнүп, Куралдуу күчтөрүбүздүн абалын чыңдоого жана жакшыртууга бардык аракетин көрүп жатат. Өлкөбүздүн Куралдуу күчтөрү жыл өткөн сайын күжүрмөн даярдыгын жана материалдык-техникалык базасын чыңдап, мамлекетибизди коргоого жөндөмдүүлүгүн күчөтүүдө.

Жыл өткөн сайын заман өзгөрүп, жаңы баалуулуктар жана милдеттерди алдыбызга коюуда. Учурда эл-жерди коргоо, туулган жериңдин кызыкчылыгын коргоо үчүн колубузга курал кармап чек арада гана турбастан, кайсы тармак болбосун ак эмгек, ак ниеттүү ишибиз менен өлкөбүздүн коопсуздугун чыңдоо жана туруктуулугун сактоого мүмкүнчүлүгүбүз бар.

Кымбаттуу мекен коргоочулары!

Урматтуу мекендештер!

Баарыңыздарды дагы бир жолу Ата Мекенди коргоочулардын күнү менен куттуктап, чың ден соолук, бакыт-таалай, келечекке зор ишеним, мекенибизге тынчтык, бейпилдик жана туруктуу өнүгүү каалайм!"






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: