super.kg logo
  Саясат  

"Мамлекеттик социалдык буйрутма жөнүндөгү" мыйзам долбоорун талдоо үчүн жумушчу топ түзүлдү

 

Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитети 22-февралдагы отурумунда "Мамлекеттик социалдык буйрутма жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоорун карады. Өкмөт демилгечи болгон бул мыйзам долбоорунун маанисин эмгек жана өнүгүү министринин орун басары Эрик Күйкеев түшүндүрдү.

Министрдин орун басарынын айтымында, мыйзам долбоорунда мамлекеттик жана муниципалдык органдарга жарандардын керектөөлөрүн аныктоону жана мамлекеттик социалдык буйрутманы иштеп чыгууда аларды эске алууну милдеттендирүүчү талаптар менен механизмдер каралган.

Комитет төрагасы Садык Шер-Нияз "Мамлекеттик буйрутмаларга каралуучу каражаттар республикалык бюджет такталып жатканда неге ачык көрсөтүлгөн эмес?" деген суроону койду. Куйкеев: "Аталган максаттарга 22 миллион сом бөлүнгөн, ал "башка чыгымдар" деген беренеде камтылган",- деп жооп кайтарды.

"Мамлекеттик социалдык буйрутма жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын мыйзамы өлкөнүн Эмгек жана өнүгүү министрлиги тарабынан гана ишке ашырылат. Демек, мыйзамдын жаңы редакциясы кабыл алынган учурда андагы талаптардын башка мамлекеттик органдар тарабынан ишке ашырыларына ишеним жок деген жүйөлөр дагы келтирилди.

Айтылган кайчы пикирлерди таразалоо үчүн талкуунун жыйынтыгында мыйзам долбоорун кабыл алуунун зарылчылыгын иликтеп чыгуу үчүн жумушчу топ түзүлдү. Анын курамына депутаттар Наталья Никитенко, Лунара Мамытова, Жанар Акаев, Тазабек Икрамов жана Аида Исмаилованын талапкерлиги сунушталды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: