Кемин районунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды
16-январь күнү болжол менен түнкү саат 02:00дө Кемин районундагы Самансур айылындагы дүкөнгө үч ууру кирген. Алар уктап жаткан дүкөн ээсин коркутуп, сабап, 15 миң сомун тартып алышкан. Жабырлануучу оор жаракаттарды алып аймактык ооруканага жеткирилген. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, уурулар кармалганын Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан 24-февралда билдиришти. Кылмыш ишине шектүү катары кармалгандардын бири Аламүдүн районунун мурда соттолгон тургуну, Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун 41 жаштагы мүчөсү болгон. Аны менен бирге уурулук кылган эки адам Бишкек шаарынын тургуну экени аныкталды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:23
2025-07-14

9:38
2025-07-13

Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
gulkar

24.02.2016. 15:51
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
41жашында ууру кылып эмне кылат,жаш болсо да бир жон.Же уурдаганга жараша млн уурдабайбы тем более Колбаевдин адамы болсо.Колбаевдин авторитетин тушурбой.(деп койдум..)
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.