Ош облусунда "Хизбут-Тахрир" уюмуна тиешеси бар" деген шек менен 16 аял кармалды
Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунда "Хизбут-Тахрир" экстремисттик-террордук уюмуна тиешеси бар" деген шек менен 16 аялдан турган топ кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 24-февралда SUPER.KG порталына Ош облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Ашырбаев билдирди.
"Кара-Суу районундагы үйлөрдүн биринде аялдар чогулуп, тыюу салынган уюмдун китептерин таратып жатат" деген маалымат келип түшкөн. Аталган дарекке милиция кызматкерлери барганда, үйдүн ичинде 16 аял бар экени аныкталган. Үйдү тинтүү маалында аталган уюмга тиешелүү адабияттар, китептер табылган. Учурда бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүүдө", - деди Ашырбаев.
Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, иликтөө иштери улантылууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:23
2025-07-14

Рейтинг:
0

Ашкере динге берилип кетип радикалдашып кетуунун алгачкы белгилери булар!
Жудаям байланышат да))))байланышканда да туздон туз байланышы бар!!!
анан хиджап кийген терор деп кайдагы создорду айта берген болбойт