super.kg logo
  Саясат  

Өкмөт. Спортчуларга тийиштүү шарт түзүү үчүн бардык аракеттер жумшалат

 

"Өкмөт тараптан спортчуларга тийиштүү шарт түзүү үчүн бардык аракеттер жумшалат". Бул тууралуу өкмөт башчы Темир Сариев тийиштүү мамлекеттик ведомство жетекчилери менен өткөн кеңешменин жүрүшүндө билдиргенин өкмөттөн кабарлашты.

"Өкмөттүн келечектүү милдеттеринин бири катары спорттук базаларды куруу, машыктыруучулар курамынын маселесин чечүү, спорттук резервди даярдоо, массалык спортту жана сергек жашоо образын жайылтуу болуп саналат. Спортту биздин миллиондогон жарандарыбыз, өзгөчө жаштар тандаш үчүн тийиштүү шарттар түзүлүүсү керек. Учурда өсүп келе жаткан муун өкүлдөрүндө спорттук оюндарга карата кызыгуусу жогорулап бараткандыгы байкалууда",- деп белгиледи Темир Сариев.

Өкмөт башчынын айтымында, тилекке каршы, спортчулардын таймаштарга даярдык көрүүсү үчүн спорттук комплекстердин абалын жана жабдуусун жакшыртуу маселеси актуалдуу бойдон калууда. Сариев белгилегендей, учурда ири жана заманбап спорттук объектилердин жетишсиздиги байкалып жатат.

Жыйын жүрүшүндө премьер-министрдин тапшыруусу боюнча даярдалган өлкөнүн Улуттук курама командаларын даярдоо борборунун эскиздик долбоору тартууланды. Долбоорго ылайык, Улуттук даярдоо борборунун аймагында трибунасы менен футболдук талаа, медициналык борбор, кичи футболдук аянттар, ар кыл спорттун түрү боюнча машыгуу залдары иш алып бармакчы. Буга байланыштуу Футбол федерациясы жана Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги өкмөттөн аталган борборду куруу үчүн жер бөлүү тууралуу маселени карап чыгууну өтүнөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: