super.kg logo

"Бир мешок акча" тасмасында акча адамды толук өзгөртөрү, бирок адилеттүүлүккө дайым орун бар экени көрсөтүлгөн (фоторепортаж)

 

Бүгүн, 24-февралда Бишкекте "Бир мешок акча" деген аталыштагы тасманын бет ачары болду. Бүгүн алгачкы жолу кинотеатрда көрсөтүлгөн тасма эртеңден баштап көрүүчүлөрдүн назарына коюлат.

Комедия жанрындагы тасманын мазмунуна токтолсок, тасма карапайым турмушта жашаган, батирдин ижарасын бере албай кыйналган балдардын жашоосун чагылдырат. Алардын бири байдын уулу болгонуна карабай "өз күчүм менен курулуш ишканасын ачам" деген максатты көздөп, атасынын берген жардамдарын четке кагат. Экинчиси капчыктуу кызга ашык болуп жүрөт. Зор амбицияга, максатка ээ жигиттер ресторанда ашпозчу болуп эмгектенишет.

Бир күнү алар ресторандын таштандыларын төгүү үчүн чыгып, бир мешок акча таап алышат. Ошол күндөн баштап алардын жашоо образы, кулк-мүнөзү өзгөрө баштайт. Бир күнү алардын артынан кооптуу адамдар түшүп, акчаларын алып кетишет. Окуя күлкү, ый жана кызыктар менен коштолуп жүрүп отурат. Каармандар акчалуу турмушта аз убакыт жашап, анан кыйынчылык көрө башташат. Мунун баары турмуш сабактары экенин, атасынын баласына сабак болсун деп жасаган иши экенин алар кеч билишет.

Кошумчалай кетсек, тасмада режиссёрлук милдетти "Ак-Өргө City" тобунун жигиттери Рүстөм Аскенов менен Кубанычбек Курманбеков аркалашкан. Ушул эки жигит тасмада башкы ролду жаратып, күлкүгө толгон тасманын көркүн ачышкан.






"Бир мешок акча" тасмасы болгон окуянын негизинде тартылганбы?

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(16)
25.02.2016. 00:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жакшы, аталышында "мешок" деген соз орусча болсо керек э, ошону кыргызча атаса кандай болот? Буйурса коробуз.
25.02.2016. 00:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
KursKG,Кап , 5 кап акча))))
25.02.2016. 00:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Тамашоунун жигиттеринен ото кылдаттык талап кылынат себеби кыргызда бодонону сойсо да касапчы сойсун деген соз бар. Эмилдин пентхаусун коргонбуз. Кинонун сапаты жакшы бирок кинонун кемчилиги чеберчилик жок болчу. Бул кинону болсо коруп анан баа беребиз...
25.02.2016. 03:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Охоо ошончо акчаны кайдан алып тартышыптыр же жасалмабы же банктан кредит алышканбы
25.02.2016. 07:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Gulya21,анча акча чын болсо Джеки Чанды башкы ролго чыкырсан болот.
Dadasdasd түзөттү 2016-02-25 07:28:02
25.02.2016. 06:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акча жасалма да: ))) эми королу кандай фильм экенин
25.02.2016. 08:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
кинону баштан. аяк эмне болушун жазып коюшуптурго. окуп алып кызыгы кетип калды уже. а так кызыгып жаткам баргым келип.
Медиа-портал
26.02.2016. 02:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
АКча канаа?????
SUPER.KG видео
26.02.2016. 04:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кыз канааа????
26.02.2016. 04:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошо да подробно жазып салыпсынар... кызыгып жатса...
Медиа-портал
26.02.2016. 12:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сюрприз киносун коргон эле аябай сонун болгон. Бул кинону коргондор ал тасмадан да отуптур.Аябай жакшы деп мактап келишти. Демек, эгер сюрпризден отсо анда быйылкы жылдын эн жакшы кинокомедиясы болчудай.Соссуз коруш керек экен!
SUPER.KG видео
27.02.2016. 01:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тамашонун балдары мыктысынар аябай соонун кинолорду жаратып жатасынар, ийгилик дагы да кызыктуу маанилуу кинонор жарала берсин
Медиа-портал
28.02.2016. 00:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кино соонун болуптур)))))) биз коруп келдик))))
02.03.2016. 05:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кинону көргүчө эле бул жактан жазып коюпсуңар го супер инфо))))))))))))
Медиа-портал
07.03.2016. 06:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Урматтуу тамашоучулар эл алдында журосунор,суйлогонду,озунорду алып жургонду качан уйроносунор.ак-оргодо жургондой журосунор той тороподо же кызыл килем устундо.Кобуроок корком адабияттан окугула демекчимин.
Медиа-портал
09.03.2016. 19:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кубанын колуктусу бар болуп катышканбы киного же шакегин чечишти эстен чыгарганбы?
курут тасмасы мага жакпаган.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: