super.kg logo

Бата менен эр көгөрөт

 

"Асыл таштан, акыл жаштан", ал эми айылды өнүктүрүү – “Жаштар банкынан

Гүлүй апа суу алып жаткан учурЭс тартканы чака-чайнек колунан түшпөй "водовоз" болуу көкүрөгүнө көк таштай тийген Балгартбек Тынымов: "Кышкысын мал колдо. Аларды сугаруу үчүн эки квартал аралыкты бир күндө бир канча жолу басчубуз. Балалыгым да суу ташып жүрүп эле өттү. Былтыр ноябрда гана короого суу кирип жыргап калдык",- дейт. Ал эми таза суу идеясын көтөрүп, небересине долбоор жаздырган 73 жаштагы Гүлүй апа тилекти орундаткандарга ак батасын бергенин "Кумтөр" компаниясынан билдиришти.

"Кумтөр Голд Компанинин" каржылоосу менен түзүлгөн "Жаштар банктары" аркылуу 250 000 сомдон ашык каражатка айылдын эки көчө эли суу менен камсыз болду. 2013-жылдан бери “Жаштар банкы” инфраструктураны калыбына келтирүү, окутуу, жумуш орундарын түзүү сыяктуу көл кылаасындагы жаштардын демилгелерин колдоп келет. Мыкты деп табылган 206 долбоор каржыланганын алтын кен компаниясынын Туруктуу өнүктүрүү боюнча директору Актилек Тунгатаров билдирип: "Өзүңүздөр билгендей, “Кумтөр” жылдык кирешесинин 1 пайызын Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондуна которот. Андан сырткары компания көл кылаасындагы жаштардын билим алуусуна, экологияны коргоого, айыл чарбасын жана чакан ишкерчиликти өнүктүрүүгө өз эсебинен ыктыярдуу каржы бөлүп, көптөгөн долбоорлор ишке ашууда. Алардын бири Борбордук Азиядагы Евразия фонду менен биргеликте жүзөгө ашырылган "Жаштар банкы",- деди.

Наристе классыАталган долбоордун аркасында жогорудагы айылдын Ж.Бөкөнбаев орто мектебинде кыргыз жана орус тилиндеги "Наристе" класстык кабинеттери ачылган. Буга чейин бир кабинетте үч класс кезектешип окучу. Эми өз кабинетине ээ болгон мектеп жашына чейинки 106 бөбөк өз класстарында шашпай тамга таанып, санаганды үйрөнүүдө. Кабинеттерди курууга алтын кен ишканасы бөлгөн каражаттан 150 миң сомдой суммага керектүү материалды "Жаштар банкы" алып берген.

Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылындагы "Келечек" балдар үйүндө психологиялык жардам көрсөтүлүп, мектепте окууга жана жашоосуна бардык шарттар түзүлгөн. Өз үйүнөн сыртка чыгып калган Бахром Быстров: "Апам каза болуп калган. Атам болсо ичкиликке берилип кетип, менден баш тартты. Төрт жылдан бери бул жердемин, шарттары жакшы",- дейт. Ал келечекте учкуч болууну кыялданат. Ал эми орусча суроо салсам, кыргызча шатыратып жооп берген Люда чоңойгондо чачтарач болуп, кооз жасалга менен элди кубантууну самайт.

Мындагы жеткинчектерди эл катары бой жеткирүүгө "Кумтөр" дайыма көмөк көрсөтүп келет. "Жаштар банкы" аркылуу балдар үйүндөгү короонун дубалы тургузулуп, таш төшөлгө салынып, кыздарга кийим тигүүчү машина, кир жуугуч, идиш жуучу, жуунуучу раковиналар белек кылынган. Тоок чарбасы уюштурулуп, балдарга устакана ачылып, улан-кыздар анда эмгекке көнүүдө.

Ал эми Караколдогу К.Дүйшеев атындагы №14-лицейге 130 миң сомго ширетүүчүлөрдү окутууга зарыл жабдыктар коюлган. Эми балдар кезек күтпөй, ар бири өз алдынча тажрыйбалык иштерин аткарууга шарты бар. Буга чейин да алтын кен ишканасы бөлгөн каражатка окуу жай спорттук аянтчаларды куруп, Жаштар консультативдик борбору негизделген. Мында компьютердик сабаттуулук боюнча тренингдер өтүп, ага жатаканада жашаган аз камсыз үй-бүлөнүн балдары, ата-энесинен ажыраган студенттер тартыларын кошумчалаган лицей жетекчилиги "Кумтөргө" ыраазычылыгын билдирди.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(3)
25.02.2016. 10:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Аллах ыраазы болсун
25.02.2016. 14:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Баракелде!
25.02.2016. 18:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
негизи бир айылда 20-30 уй булого сууну киргизген долбоор 100000ден 200000 чейин сомду талап кылат, парламенттегилер бир эки айылга жардам берип коюшса эч нерсе болбойт эле да, мындай акчаны жайында колго барып деле кооротуп атышпайбы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: