super.kg logo
  Саясат  

Бишкекте журналисттин арматура менен сабалышын парламентте журналист депутат Жанар Акаев көтөрдү. Төрага ага жооп берди

 

Бишкекте журналист Турат Акимовго кол салуу боюнча маселе Жогорку Кеңеште көтөрүлдү. Депутат Жанар Акаев бул окуя боюнча тергөө иштерин Ички иштер министрлиги эмес, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жүргүзүшү керек деген пикирин айтты.

"Турат Акимов маалымат жыйынында ИИМдин башчысы Мелис Турганбаевди күнөөлөдү. Мен кимдир бирөөнү айыптоодон алысмын, бирок бул ишти УКМК жүргүзүшү керек. Чиновниктердин коррупциялык иштери боюнча маалыматтарды жарыялаган кабарчыларды мамлекет сыйлагандын ордуна, алардын ооздорун жаап коюуда",- деди Акаев.

Төрага Асылбек Жээнбеков бул окуя боюнча ИИМдин, УКМКнын, Башкы прокуратуранын башчылары менен сүйлөшкөнүн айтып, бул маселе парламенттин жана президенттин көзөмөлүнүн астында экенин баса белгиледи.

Эскерте кетсек, журналист Турат Акимовду 19-февралда кечинде үйүнүн жанынан белгисиз бирөөлөр сабап кетишкен. Журналист бул иштин артында ички иштер министри Мелис Турганбаев турарын айткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: