super.kg logo
  Саясат  

Өзгөндөгү "дарылык касиети бар" делген суу боюнча министрдин пикири: "Суу ашказан же бөйрөк ооруларынан сакайтат деген туура эмес"

 

Ош облусунун Өзгөн районунун Алтын-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Кандава айылындагы "дарылык касиети бар" делген суу канчалык пайдалуу экенин Курортология институту текшериши керек. Бул тууралуу бүгүн, 25-февралда SUPER.KG порталына саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев билдирди.

"Мисалы, Жалал-Абад суусу текшерилип, организмге пайдалуу экени далилденген. Ал эми Өзгөндөгү суу боюнча эч нерсе айта албайм, бирок суу бөйрөк, ашказан, боор же башка оорулардан сакайтат деген туура эмес. Балким, адам ошол суудан ичип, өзүн өзү ишендирип сакайып калгандыр",- деди министр.

Эскерте кетсек, кечээ, 24-февралда окурманыбыз "Ош облусундагы Өзгөн районунун Алтын-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Кандава айылында дарылык касиети бар таза суу чыгып жатат" деп WhatsApp аркылуу кабар жөнөткөн. Ал сууга Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарынан адамдар келип жатышканын билдирген."Ушул суудан ичкен адамдар сакайып, жакшы натыйжа берип жатканын белгилешти. Көп адам келгенине байланыштуу кезекке туруу үчүн бир дептерге жазылышат. Кезек күткөн адамдардын саны 400дөн ашат",- деп айткан окурман.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: