super.kg logo
  Саясат  

Темир Сариев "Өкмөт каатчылыкка каршы кошумча жана стандарттуу эмес чараларды көрүшү зарыл"

 

Өкмөт каатчылыкка каршы кошумча жана стандарттуу эмес чараларды көрүшү зарыл. Бул тууралуу премьер-министр Темир Сариев өкмөттүн алдындагы Бизнес жана инвестиция боюнча кеңештин жыйынында билдирди.

Премьер Кыргыз Республикасы Евразия экономикалык биримдигине кошулбаса, учурдагы кризистик кырдаалда экономикалык абал кыйын болмоктугун айтат.

"Бажы биримдигинин сырткы чек арасы жабылып, өндүргөн товарларды сатуучу базарларга эшик жабылып, иш жүзүндө изоляция абалы жаралмак. Муну менен катар Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөрдүн улуттук валюталарынын девальвациясы шартында ата мекендик товарлардын Евразия экономикалык биримдигине экспорту нөлгө түшмөк",- деди Сариев.

Өкмөт жетекчиси бул маселелерге кошумча эмгек мигранттарынын көйгөйү жаралмак экенин белгиледи.

"Ошондуктан өлкөбүздүн Евразия экономикалык биримдигине кошулуу боюнча суроонун жообу жөнөкөй болушу керек. Экинчиден, Евразия экономикалык биримдигине интеграция алкагында пландалган иш-чаралардын аткарылышы маанилүү",- дейт Сариев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: