Төрагалык кылган судьянын иштери чыгып калып, Ахматбек Келдибековдун соту 1-мартка жылдырылды
Жогорку Кеңештин мурунку төрагасы Ахматбек Келдибековдун соту 1-мартка жылдырылды. Бул тууралуу бүгүн, 26-февралда ал өзү билдирди.
Анын айтымында, соттук иш боюнча төрагалык кылган судья бүгүн Жогорку Сотто өтчү жыйынга катышмакчы. "Мындан улам соттук отурум 1-мартка жылдырылды",- деди Келдибеков.
Айта кетсек, 2015-жылдын 12-ноябрында Бишкектин Биринчи Май райондук соту экс-депутат Ахматбек Келдибековду Салык кызматындагы иши боюнча актаган. Ал эми Жогорку Кеңештин Москвадагы өкүлчүлүгүн ачуу ишинде күнөөлүү деп табылып, 3 миллион сом төлөөгө милдеттендирилген. Бул өкүм боюнча Башкы прокуратура жогорку инстанцияга кайрылган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
Рейтинг:
-1

