super.kg logo

Бишкекте дүйнөнүн көп өлкөлөрүнө өзгөчө ыкмалары менен белгилүү болгон бангладештик сүрөтчү айымдын көргөзмөсү ачылды (фоторепортаж)

 

Бүгүн, 26-февралда Бишкекте бангладештик белгилүү сүрөтчү айым Назия Андаалиб Прииманын "Жашоонун туу чокусу" аттуу көргөзмөсү ачылды. Көргөзмөдө акыркы жылдары жаратылган коллаж жана живопись тармактарын камтыган кыркка жакын кол эмгектер коюлган. Чыгармалар көрүүчүгө сүрөтчүнүн өзгөчө жан дүйнөсүн баамдоого мүмкүнчүлүк берет. Назия Андаалибдин эмгектери дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө анын инновациялык мамилеси жана өзгөчөлүк ыкмалары менен бааланган.

Маданий иш-чара Бангладеш Элдик Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчилиги жана Ардактуу консулдугу менен КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги тарабынан уюштурулган.

Салтанаттуу аземдин катышуучулары Бангладеш менен кыргыз өлкөсүнүн ортосундагы маданий диалогду бекемдөөгө жана өнүгүүсүнө, ошондой эле гуманитардык-маданий байланыштарын кеңейтүүгө арналган биринчи көргөзмө экенин белгилешти.

Көргөзмө Гапар Айтиев атындагы Көркөм сүрөт музейинде 26-февралдан 8-мартка чейин өтөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(5)
26.02.2016. 18:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
укмушго тарткан суроттору
26.02.2016. 19:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Табышмактууго, суротчулор гана тушуно алатко тарткан суротунун артында эмне жатканын, кобуно тушунбодум.
Musabaeva түзөттү 2016-02-26 19:36:43
26.02.2016. 19:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Коркунучтуу суроттор.Динге каршы кететго кайдагы бир коз жылаандын башы билбеймин мага жаккан жок .
26.02.2016. 20:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул суроттор кандай мааниде, эмнени тушундурот?
26.02.2016. 23:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Шайтан дажжал ж б .
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: