super.kg logo
  Саясат  

Антикризистик планды аткаруудагы кемчилиги үчүн экономика министринин орун басарына эскертүү берилди

 

Антикризистик чаралардын аткарылышын терең анализдөө керек. Бул тууралуу премьер-министр Темир Сариев өкмөттүн 26-февралдагы жыйынында билдирди. Премьер-министр Экономика министрлигинин 2015-жылкы антикризистик иш-чаралары 80 пайызга аткарылганын маалымдаганын, бирок бул сандар курулай көрсөткүчтөр болуп жатканын билдирди.

"Экономика министрлиги же башка мамлекеттик бир да орган аткарылган иш-чаралардын канчалык деңгээлде натыйжалуу болгонуна анализ жасап, баалаган эмес. Бир катар мамлекеттик органдар терең анализ кылган жок. Кабыл алынган документтер кандай жыйынтык берди, кандай маселелер жаралды деген талдоо болбоду",- деди Сариев.

Антикризистик планды аткаруудагы кемчилиги үчүн экономика министринин орун басары Данияр Иманалиевге эскертүү берилди.

Социалдык өнүктүрүү министрлигине калктын аярлуу катмарларына даректүү жардам көрсөтүү боюнча чараларды иштеп чыгууга өзгөчө көңүл буруу тапшырылса, Улуттук энергетикалык холдингге ишкерлер үчүн талап кылынган энергетикалык кошумча кубаттуулукту камсыз кылууну иштеп чыгуу тапшырмасы берилди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: