Алмазбек Атамбаев менен Абдил Сегизбаев өлкөнүн коопсуздугун талкуулашты

Президент Алмазбек Атамбаев 29-февралда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Абдил Сегизбаевди кабыл алды. Жолугушууда мамлекет башчы өлкөнүн улуттук коопсуздугун камсыз кылуу боюнча күндөлүк иштер тууралуу маалымат алды.
Тараптар антитеррордук иш-чараларды жакшыртуу үчүн көрүлүп жаткан аракеттер, терроризмге жана экстремизмге каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин негизги багыттарын да талкуулашканын билдиришти президенттик аппараттан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
Рейтинг:
0

