super.kg logo

3-мартта Бишкек шаарынын кээ бир райондоруна муздак суу берилбейт

 

3-мартта Бишкек шаарынын кээ бир райондоруна муздак суу берилбейт. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

"Бишкек суу-канал" мекемесинин билдиргени боюнча, оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу "ХБО" объектиси саат 9:00дөн 15:00гө чейин Шабдан баатыр, М.Горький, Ф.Достоевский көчөлөрү жана темир жол линиясы менен чектелген аймакка суу берүүнү токтотот. №99-кесиптик лицейде, “Нур”, “Алёша”, “Бишкек Нан”, “Айнур”, “ДСМ” ишканаларында, “Ак марал Дизайн Сервис” корпорациясында, Транспорт башкармалыгында, "Бишкек автоучкомбинатында", "Кыргыз АвтоВАЗда", “Дасмия” ресторанында, “Автобыт сервис”, “Кти Агромаш”, “Электротехник”, “Медиафарм” ишканаларында, Саламаттыкты сактоо департаментинин автобазасында, “Мегамедиа” басмаканасында, Эсептөө техникасы жана автоматизация каражаттарында, “Айдан-фарм” ЖАКында муздак суунун берилиши токтотулат.

Ошондой эле "КиВ" ЖЧКсынын оңдо-түзөө иштерине байланыштуу саат 10:00дөн 14:00гө чейин Бөкөнбаев, Орозбеков, Абдумомунов жана Эркиндик бульвары менен чектелген аймакка, "Россия" бизнес-борборуна, Германия жана Иран элчиликтеринин имараттарына, Композиторлор кеңешине, "Агропром" имаратына, И.Арабаев атындагы университетине, Тарых музейине, "Улуттар достугу" имаратына, №3-окуу жайына, Мамлекеттик архивге, Улуттук мамлекеттик статистика башкармалыгына, Геология боюнча окутуу борборуна, КРнын Каржы рыногунун көзөмөлдөө башкармалыгына, Чүй облустук Антимонополияга каршы мамлекеттик агенттигине суу берилбейт.

“Бишкек суу-канал” башкармалыгы келтирилген оңтойсуздуктар үчүн кечирим сурап, таза суунун тиешелүү көлөмүн алдын ала камсыздоону эскертет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: