super.kg logo
  Саясат  

Өлкөдө “Бирдиктүү оппозициялык күч” кыймылы түзүлүп, ага Ташиев, Мадумаров, Суваналиев кирди

 

Кыргыз мамлекетинде “Бирдиктүү оппозициялык күч” деген кыймыл түзүлдү. Кыймыл тараткан билдирүүгө таянсак, жаңы бирикмеге Адахан Мадумаров жетектеген "Бишкек форуму" уюму менен “Бүтүн Кыргызстан” партиясы (партиянын атынан партия төрагасынын орун басары кол койгон), Камчыбек Ташиев жетектеген “Ата Журт” партиясы, Өмүрбек Суваналиев, Бегалы Наргозуев башында турган “Каршылык көрсөтүү кыймылы” уюму кирди.

Кыймыл бийликке бир нече талап койду:

1. Кризис маалында Жогорку Кеңештеги коалициялык көпчүлүктүн өкмөттүн иши үчүн жоопкерчилигин жогорулатуу;

2. Партиянын квоталары менен эмес, элдик ишенимдеги өкмөттү түзүү;

3. Тез арада улуттук антикризистик программа иштеп чыгып, кабыл алуу;

4. Баалардын жана тарифтердин өсүшүн токтотуу;

5. Талаштуу кен байлыктарды иштетүүгө мораторий жарыялоо, “Мегаком” компаниясын сатыкка чыгарбоо;

6. 27-мартта өтө турган жергиликтүү кеңештерге шайлоодо административдик ресурстун колдонулушуна жол бербөө.

7. Шаар мэрлерин элдин эрки менен түз шайлоо.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: