super.kg logo

Москвадагы "патриоттордун" жоругун дүйнөлүк ММКлар талкуулоодо

 

Москвада кыргыз кыздарын "башка улуттун жигиттери менен кафеде жүрөсүңөр" деп кармап, суракка алган үч жигиттин окуясы дүйнөлүк ММКларда талкууланууда. "Eurasianet" басылмасы бүгүн, 2-мартта "Кыргызстан: Өздөрүн абийирдин коргоочусу атагандардын аракеттери жазасыз калууда" деген макала жарыялап, окуянын жүрүшү тартылган видеотасма тууралуу: "Мындай видео улуттук баалуулуктарды сактоо аракети катары жасалган кылмыштуу иштерди тастыктоочу даректүү сейрек кездеше турган далил болуп эсептелет",- деп жазды.

Басылма кылмышка байланыштуу Кыргыз Республикасынын ИИМинин жана тийиштүү өкүлдөрүнүн, социалдык тармактагы колдонуучулардын реакциясын баяндайт.

"Башка улуттагы адамдар менен жолугушкан кыргыз кыздарына улутчул маанайдагы жигиттердин кол салышы Кыргызстанда да, Орусияда да кадимки эле көрүнүш. Көйгөйлүү маселе - Орусиядагы кыргыз мигранттарынын айлыгынын аздыгы жана салыштырмалуу кыргыз өлкөсүндөгү чет элдик жарандардын маяналарынын көптүгү. Көпчүлүк "чет элдик эркектер акчасын пайдаланып, оор каржылык абалда турган кыргыз кыздарын кыйын кырдаалга кептейт" деген пикирде",- деп айтылат маалыматта.

Макалада мындай окуялардын так саны белгисиз бойдон калып жатканы, анткени "патриоттордун" интернетке тарап кеткен видеолору гана иликтенип, ММКларда талкууланып, калгандарын иликтөөгө милиция да кызыкдар болбой турганы эске алынып, жабылуу калып жатканы маалымдалат.

"Укук коргоо органдары иш козгоо үчүн жабырлануучулардан арыз түшүшү керектигин билдиришет. Бул жаатта укмуш жетишкендик болгону айтыла элек. Бул аралыкта социалдык тармактын колдонуучулары тезинен түнкү клубду табышып, чара көрүүнү талап кылышты. "Коңгуроо кагабыз. Мындан ары чыдоого болбойт. Кыздарды басмырлаган жигиттерди видеобайкоо аркылуу тапса болот. Видеого караганда окуя Москва облусунда "Solo Night Club" клубунда болгон. Жүрүгүлө, буларды табабыз. ИИМдин Москвада өкүлү бар, видео өчүп кете электе маалымдайлы",- деп жазды Facebook колдонуучусу Жамиля Кыргызалиева.

ИИМдин Москвадагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Аскат Алиевдин Facebook баракчасына чыгарган билдирүүсү мындай иштер менен күрөшүүгө кыргыз бийлигинин даярдыгы боюнча суроо жаратты. Алиев "патриоттордун" аракетин сындоо менен бирге "кыргыз айымдарынын заманбап жашоо стилине" өкүнөрүн билдирди",- деп жазды аталган басылма.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(47)
02.03.2016. 19:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Жаман болуптур ушунтип озубузду озубуз уят кылып фуу "Патриот"имиш
03.03.2016. 09:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
nazgulyakg,бардык нерсеге балдарды кунолобой кыздар оздору да ойдонсо болмок ошондо уят болмок эмеспис.россияда Кыргыз кыздар десе тажик озбек азер ж.б улуттардар ойлошотда ХХХ журсок болот деп ошого жон журсо кыздар уят болмок эмеспис.
Модератор admin_portal түзөттү 2016-03-03 10:11:19
03.03.2016. 10:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
maratbek88.88 - эскертүү!
Коомдук этиканы сактаңыз.
02.03.2016. 19:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Негизи кыздар да кооп кетишти,ошол жу...р мн журушот тан каласын,кысчу жеринди кысып эле жур,жакшы бала озу эле алып кетет сени,кыргыз балдар айтышса угушпайт,айла жок ошол нерсеге алып барышат. Эми мейли кыздар аял заты ишенчээк бт эмеспи,а эркектерчи мейли эми кыргыз эле балдар мн журойун десен корс,мамиле кылууну билишпейт,кыздарга сый жок,коп согунушот,кол которушот,анан конечно башка улут мн кетишет эки жакта тен куноо бар ,биздин эркектер баары эмес бирок коопчулугу эркек эле деген аты
02.03.2016. 19:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+31
anykids,Кайсы жакшы кыргыз баласы, озунон 20-25 жаш чон аялдарга уйлонуп жашаган кыргыз жигиттерби? же кыздан кыз тандап тапканын корунгон чоон эле аялдарга,орус сойкуларга чачкан кыргыз жигиттерби? Жакшы суйлошойун деген кыргыз кызарын согуп ооздрунан ак ит кирип кара ит чыккан кыргыздын мырзаларыбы?Чонтогуно 1000 рубль тушсо тим эле миллонердей болуп олгучо ичкен кыргыз жигиттери Росто толтура. Анан кыргыздын кыздары аларга эрге тийип метродо суйроп журушсунбу байкуш ээрим деп.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: