super.kg logo
  Саясат  

"Коопсуз шаар" долбоору боюнча тендердик комиссиянын курамында соттолгон адамдар болгон" дейт ички иштер министри

 

Жогорку Кеңештин "Республика - Ата Журт" фракциясынын 4-марттагы жыйынында "Коопсуз шаар" долбоору талкууланууда. ИИМдин маалыматы боюнча, учурда аталган долбоордун айланасында соттук иштер жүрүп жатат.

Ички иштер министри Мелис Турганбаевдин айтымында, "Коопсуз шаар" долбоору боюнча тендердик комиссиянын курамында "алдамчылык" беренесинин негизинде соттолгон адамдар болгон. "Бул комиссияда 2-3 адам эле маселени түшүнгөн, калгандары жөн эле отурушкан. Ошондой эле комиссияда өз кызыкчылыктарын гана ойлогон мүчөлөр болгон. Негизи, "Коопсуз шаар" боюнча эч кандай тендер-пендердин кереги жок. ИИМ өзү ишке ашыра ала турган долбоор. Былтыр Жол-кайгуул кызматы айып пулдардан мамлекеттик бюджетке 300 миллион сом түшүрүп берген. Ошонун жарымын бөлүп берсеңер, аталган долбоорду бир-эки жылда ишке ашыра алабыз",- деди Турганбаев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: