super.kg logo

АКШнын президенти Барак Обаманын студенттик жашоосу тууралуу тасма тартылат

 

АКШнын учурдагы 44-президенти Барак Обаманын студенттик жылдары тууралуу тасма тартылат. Анын жаш кезин америкалык актёр Девон Террелл ойнойт. «Бэрри» деп аталган тасмада 1981-жылы 20 жашында Лос-Анжелес колледжинен Колумбия университетине (Нью-Йорк) которулуп келип окуусун уланткан Обама сүрөттөлөт. Окуу жайда Барак Обама эл аралык мамилелер адистиги боюнча саясат таанууну изилдеген. Ал эми тасмада анын окуудагы ийгиликтерине эмес, келечектеги өлкө лидеринин тайпалаштары жана теңтуштары менен болгон мамилесине көңүл бурулат. Бул тууралуу ТРТ басылмасы кечээ, 3-мартта жазган.

Фильмдин режиссёру - Викрам Ганди. Террелл менен бирге башкы каармандын ролун жаш актриса, модель Аня Тейлор-Жой ойнойт. Тасманын сценаристи - жазуучу Адам Мэнсбак. Тартуу иштери ушул жылдын апрель айында башталат.

Эске салсак, бул фильм учурдагы президенттин жаштык кези тууралуу тартылган экинчи тасма. Буга чейин Барак Обама менен АКШнын келечектеги биринчи айымы Мишелдин ортосундагы мамиленин башталышы тууралуу тасма тартылган. Анда жаш сүйүшкөндөрдүн ролун Паркер Сойерс менен Тика Самптер ойногон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
04.03.2016. 14:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
тарткыла обамамга путинге тартылат экен
жакында буюрса биздин учурдагы ажобузга да тартылат
04.03.2016. 15:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Urmat-1989, биздин ажого кино тартылса аябай кызык кино болсо керек
04.03.2016. 16:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Биздин ажого мультфилм тартса сонун болот.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: