super.kg logo
  Саясат  

Президент Алмазбек Атамбаев Орусиянын каржы министри Антон Силуанов менен жолугушту

 

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев кечээ, 4-мартта Орусия Федерациясына болгон иш сапарынын алкагында Орусиянын каржы министри Антон Силуанов менен жолугушту. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык-саясат бөлүмү билдирди.

Жолугушууда ар кыл тармактардагы биргелешкен долбоорлорду, анын ичинде Кыргыз-орусиялык өнүктүрүү фондунун ишмердигинин негизги багыттарын каржылоо боюнча кызматташтыктын маселелери талкууланды. Мамлекет башчысы кыргыз өлкөсүнүн ишкерлеринин, кайра иштетүүчүлөрдүн жана фермерлердин ыңгайлуу шартта төмөнкү пайыздуу насыяларды алуусун иш жүзүндө камсыз кылуу үчүн Кыргыз-орусиялык өнүктүрүү фондунун ишинин эффективдүүлүгүнүн зарылдыгын баса белгиледи.

Алмазбек Атамбаевдин айтымында, Кыргыз Республикасынын интеграциялык процесске катышуусунун натыйжалуулугун арттыруу үчүн Кыргыз-орусиялык өнүктүрүү фонду өлкөнүн негизги тармактарын Евразия экономикалык биримдигинин шарттарына ылайык келтирүүгө өбөлгө болууга тийиш.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: