Жогорку Кеңештин 2 депутаты Ысык-Көлдө шайлоочулар менен жолугушууларды өткөрүштү
Кабыл алынган чечимге ылайык, ЖКнын депутаттары 18-марттан 22-мартка чейин жер-жерлерде шайлоочулар менен жолугушууларды өткөрүштү. Анда депутат Эркингүл Иманкожоева менен Талантбек Узакбаев Ысык-Көлдө жергиликтүү тургундар менен жолугушуу өткөрүштү. Депутаттар Каракол шаарында, Жети-Өгүз районунун Тамга, Барскоон, Кызыл-Туу айылдарында болушту. Эл өкүлдөрү аталган аймактардагы жашоочулардын абалы, көйгөйлөрү менен таанышып, бир катар мекемелерге акчалай жардам көрсөтүштү. “Каракол шаарында кыз-келиндердин футбол командасы бар, аларга да 10 миң сом акчалай жардам көрсөттүк, каражаттын баары Жогорку Кеңештин төрагасынын фондунан алынды”,- дейт Иманкожоева.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:49
2026-02-17
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















