super.kg logo

"Азия MIX" командасы 11-мартта Москвада өтүүчү Жогорку Лигада оюн көргөзөт

 
"Азия Микс" командасы
"Азия Микс" командасынын оюнчусу Бактияр Касымалиев

"Азия Микс" командасы бул жылы да КВНдин Жогорку Лигасына катышат. Оюн 11-мартта Москванын Борбордук академиялык театрында орун алат. Бул тууралуу Орусиядагы Кыргыз жаштар биримдигинин төрагасы Исламбек Жанболотов SUPER.KG порталына билдирди.

"Учурда команда Москвага келген. Оюнга даярдык иштерин көрүп жатат. Биздин биримдик "Азия Микс" командасына колдоо көрсөтүү менен бирге билеттерди таратуу жана күйөрмандарды табуу менен алектенет, себеби залда команданы колдоп турган күйөрмандар тобу бир топ мааниге ээ",- деди Жанболотов.

Ал эми "Азия Микс" командасынын оюнчусу, шамандын образын жаратып күлкү тартуулап келе жаткан Бактияр Касымалиев төмөнкүлөргө токтолду: "Оюнга кызуу даярдык жүрүп жатат, андыктан бош убакыт жок. Күн сайын, мына үч күндөн бери оюнубузду редакторлорго көрсөтүп жатабыз. Эртең чечүүчү күн, себеби оюнубузду Александр Масляковго көрсөтөбүз. Ал эмне деп айтса, андан кийинки кадамдарыбыз белгилүү болот".

Эске салсак, өткөн жылы “Азия Микс” командасы КВНдин Эл аралык Жогорку Лига союзунун финалына чыга албай калган. Маалым болгондой, 2015-жылдын 7-ноябрында Москва мэринин кубогунда командалар "Саламдашуу", "Капитандар сынагы" жана музыкалык номер боюнча өнөр көрсөтүшкөн. Бишкектик курама “Саламдашуу” сынагында лидерлик орунда болгон, бирок кийинки сынактарда артка кеткен. Жыйынтыгында Москва мэринин кубогун жана финалга жолдомону Дагестан курамасы (Махачкала, Дагестан) жеңсе, экинчи орунду казакстандык "Спарта", ал эми үчүнчү орунду "Азия Микс" алган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
07.03.2016. 18:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ийгилик жигиттер
07.03.2016. 19:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ийгилик !!!
07.03.2016. 20:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Барып дагы кыргызстанды шылдындап келишетта
07.03.2016. 23:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
булар кыргызчаны билбегендер топтолуп алып кыргызстанды шылдындашат озбектердин музыкасы топусу чапаны менен чыгышат, а кыргыздардын калпагын бир дагы кийип коюшпайт! озбек тажиктерди мактап кыргыздарды шылдындап чыкпай эле койгулачы сураныч
08.03.2016. 01:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Sitora :"Ozbekstandyn atynan chygyam" degende, oozum Tashkentti karagan."Asia -Mix"Oz-dyn komandasyby?! Kenensarov da Farmonovanyn bergen maegine ech nerse degen jok.Demek bul komanda KGge gana tiesheluu emes eken da.Maga emi chyn jurokton bary bir!!!
FSB түзөттү 2016-03-08 01:58:35
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: