Жалал-Абад. "Телтору" ат майданында 15 миңдей жаран катышкан элдик курултай болуп өттү











24-мартта Жалал-Абад шаарындагы "Телтору" ат майданында "Эки ыңкылаптын сабактары жана элдик ыңкылаптар өз максатына жеттиби?" деген ураандын астында элдик курултай болуп өттү. Ага ЖКнын депутаттары Ахматбек Келдибеков, Равшан Жээнбеков, саясий ишмерлер Адахан Мадумаров, Азимбек Бекназаров, Бектур Асанов жана өлкө аймактарынан келген жарандар катышты. Курултайга 15 миңге чукул эл келип, анда жарыш сөзгө чыгып сүйлөгөн делегаттардын сунуш-пикирлерин эске алуу менен 8 талаптан турган чечим кабыл алынды. Ал талаптар төмөндөгүлөр:
Автор: Гүлжан Эшбаева
Фото: Жалил Сапаров
1. Эки элдик ыңкылап өз максаттарына толук жетпегени, азыркы бийлик жетекчилери эки ыңкылаптан сабак албаганы белгиленсин.
2. Өлкө кайрадан жеке президенттин авторитардык бийлигине өтүп бара жатканы белгиленсин.
3. Өкмөт элдин байлыгынын тонолушуна, кыргыз жеринин бүтүндүгүнүн бузулушуна, саясий куугунтуктардын жүргүзүлүшүнө, шайлоолордун бурмаланышына түздөн-түз же кыйыр салым кошкон мурдагы эски бийликтин адамдарынан тазалансын.
4. Шайлоочулар тарабынан даярдалган "Кумтөр" кен байлыгына байланыштуу мыйзам долбооруна тиешелүү чечимди БШК 2013-жылдын 7-апрелине чейин берсин. Жогорку Кеңеш апрель айында бул мыйзамды карап, "Кумтөр" маселеси Кыргызстандын пайдасына чечилгенге чейин башка кен байлыктарды чет элдик инвесторлорго берүүгө мораторий жарыялансын.
5. Депутаттар Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров, Талант Мамытов жана башка айыпталуучулар сот тарабынан толук акталсын.
6. Ушул элдик курултайдын чечиминин аткарылышын көзөмөлдөө "Эл үнү" саясий коомдук кыймылына жүктөлүп, ар бир пункттун аткарылышы ММКлар аркылуу элге жарыяланып турсун.
7. Эгер элдик курултайда кабыл алынган чечимдер аткарылбаса, жер-жерлерде элдик бийлик орнотулсун.
8. Жогоруда аталган чечимдерди ишке ашырууда чагымчыл аракеттерди уюштуруучуларга жана мародёрчулук кылуучуларга жол берилбейт. Алар эл душманы катары эсептелип, эл алдында жазаланат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:51
2025-07-07

17:54
2025-07-07

16:28
2025-07-04
10:40
2025-07-03
Рейтинг:
0

