super.kg logo
  Саясат  

"Жогорку Кеңештин Москвадагы өкүлчүлүгүн ачуу боюнча токтом мыйзамсыз чыгарылган болсо, анда бардык 120 депутатты камаш керек" дейт Ахматбек Келдибеков

 

Бүгүн, 9-мартта Бишкек шаардык сотунда Жогорку Кеңештин мурунку төрагасы Ахматбек Келдибековдун иши боюнча соттук отурум өттү. Анын жүрүшүндө прокурор айыпталуучуга бир топ суроолорун берди.

Прокурор Конституцияга таянып, мыйзамдар жана токтомдор Жогорку Кеңештин тармактык комитети тарабынан каралып жактырылган соң, жалпы палатанын кароосуна жөнөтүлүшү керек экенин билдирди. "Жогорку Кеңештин Москвадагы өкүлчүлүгүн ачуу боюнча токтом комитетте каралбай эле 2010-жылдын 29-декабрында жалпы палатада кабыл алынган. Бул Конституциянын мыйзамын бузуу",- деди прокурор.

"Эгер аталган токтом мыйзамсыз кабыл алынган болсо, анда бардык 120 депутатты жана парламентти камаш керек" деген А.Келдибеков төмөнкүлөрдү кошумчалады: "Ооба, биз мыйзамдын чегинде иш алып барышыбыз керек, бирок ал убакта парламенттик комитеттер жана комиссиялар түзүлгөн эмес болчу. Мындан улам 20га жакын токтом комитетте каралбай эле жалпы жыйында добуш берүү аркылуу кабыл алынган. Жогорку Кеңештин Москвадагы өкүлчүлүгүн ачуу тууралуу токтомду кабыл алуу бир эле төраганын чечими эмес, ал депутаттардын добуш берүүсү аркылуу жактырылган".

Кийинки соттук отурум эртең, 10-мартта өтмөкчү.

Айта кетсек, 2015-жылдын 12-ноябрында Бишкектин Биринчи Май райондук соту экс-депутат Ахматбек Келдибековду Салык кызматындагы иши боюнча актаган. Ал эми Жогорку Кеңештин Москвадагы өкүлчүлүгүн ачуу ишинде күнөөлүү деп табылып, 3 миллион сом төлөөгө милдеттендирилген. Бул өкүм боюнча Башкы прокуратура жогорку инстанцияга кайрылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: