Борбор калаада "коомдук унаада уурулук кылган" деген шек менен 30 жаштагы шаар тургуну кармалды

Бишкекте "коомдук унаада уурулук кылган" деген шек менен 30 жаштагы шаар тургуну кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 10-мартта Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен Ы.Д. аттуу жаран кайрылган. Ал саат 12:50 чамасында белгисиз адам коомдук унаадан анын күрмөсүнүн чөнтөгүнөн 11 миң сомдук уюлдук телефонун алып кеткенин айткан. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 30 жаштагы О.Н. аттуу шаар тургуну кармалган. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:00
2025-07-16

17:00
2025-07-16
Рейтинг:
0

Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек.