2016-жылдын 2 айында чарба жүргүзүүчү ишканалардын карыздарын кайтаруусунан бюджетке 710 миллион сом түштү
2016-жылдын январь, февраль айларында чарба жүргүзүүчү субъекттердин карыздарды кайтаруусунан республикалык бюджетке 710 миллион 170 миң сом түштү. Каржы министрлигинин билдиришинче, мунун ичинен негизги карыз – 488 миллион 810 миң сом, пайыздар жана айыптар – 221 миллион 360 миң сом.
"Бюджеттик ссудалар жана чет өлкөлүк насыялар боюнча чарба жүргүзүүчү субъекттердин карыздарын кайтаруудан 2016-жылы 2 миллиард 527 миллион 210 миң сомду түзөрү күтүлүүдө, анын ичинен негизги карыз – 1 миллиард 431 миллион 800 миң сом, пайыздар жана айып пулдар – 1 миллиард 95 миллион 410 миң сом",- деп билдирет мекеме.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

