super.kg logo

Жылнаама, 14-март: Мындан 36 жыл мурун ырчы Гүлзада Рыскулова төрөлгөн

 

* Мындан 36 жыл мурун, 1980-жылы ырчы Гүлзада Рыскулова Ош облусундагы Өзгөн районунун Чымбай деген айылында туулуп-өскөн. Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун музыкалык бөлүмүн аяктаган. Гүлзада Рыскулова алгачкы эле ырдап чыккан "Мен кыргыздын кызымын" аттуу ыры менен элдин эсинде калган. Кийин кыргыздын нукура күү, дастандарын дүйнөгө тааныткан "Ордо-Сахна" фольклордук-этнографиялык тобунда эмгектене баштаган.

* Мындан 137 жыл мурун, 1879-жылы немис физик-теоретиги, “Нобель” сыйлыгынын лауреаты Альберт Эйнштейн Германиядагы Дунайдын сол жээгиндеги Ульм шаарында туулган. Окумуштуу дүйнөнүн көптөгөн академиясынын жана илимий коомдорунун мүчөсү, "Нобель" сыйлыгынын лауреаты (1921), СССР Илимдер академиясынын ардактуу мүчөсү (1927) болгон. Ал 1955-жылы дүйнөдөн кайткан.

* Мындан 51 жыл мурун, 1965-жылы белгилүү индиялык актёр, продюсер, сценарист, режиссёр жана алып баруучу Аамир Хан Бомбейде төрөлгөн. "Найти друг друга", "Приговор", "Любовь, любовь, любовь", "Сердцу не прикажешь", "Хочу жениться на дочери миллионера", "Мятежная душа" сыяктуу тасмаларда мыкты ролдорду жараткан Аамир Хан бир катар улуттук жана эл аралык сыйлыктардын ээси болгон.

* Мындан 37 жыл мурун, 1979-жылы орусиялык алып баруучу, “Комеди клаб” теледолбоорунун катышуучусу, актёр Павел Воля Орусиянын Пенза шаарында туулган. Ал 2001-жылы Пенза мамлекеттик педагогикалык университетин орус тили жана адабияты мугалими адистиги боюнча аяктаган. Андан соң дароо Москвага сапар алып, ал жактан алгач курулушта иштеген. Кийин ди-джей, алып баруучу болуп чыгармачылык жолун уланткан.

14-мартта Кыргыз Республикасында жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: