super.kg logo
  Саясат  

Эрдоган терроризмдин түбүнө жетерин убадалады

 

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Анкарадагы жардырууну кескин айыптап, терроризмдин түбүнө жетерин убадалады. Бул тууралуу президент 13-мартта жасаган билдирүүсүндө айтты.

"Биздин жарандарыбызга мындай ырайымсыз кол салууну кескин айыптайбыз. Каза болгондордун жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, жаракат алгандардын тезирээк сакайышын каалайм",- деген Түркия лидери өлкөсү акыркы жылдары террорчулардын үзгүлтүксүз чабуулуна кабылып жатканын белгиледи. Анын айтымында, мындай чабуулдар элдин биримдиги менен ынтымагына коркунуч жаратат жана Түркия бийлиги терроризм менен күрөшүүдөн баш тартпайт. "Терроризм менен күрөшүүдөгү биздин чечкиндүүлүк мындан ары да күчөйт. Күрөшүбүз ийгиликтүү аяктап, терроризмдин акырына жетебиз",- деди Эрдоган.

Эскерте кетсек, 13-мартта жергиликтүү убакыт боюнча саат 18:45 чамасында Анкарадагы аялдамада жардыруу болду. Кырсыктан 34 адам каза таап, 125тей адам жаракат алганы, 19 адам оор абалда экени жарыяланды.

Быйыл 17-февралда да Анкара шаарында катуу жардыруу болгон. Анда 30дай адам каза болуп, 60тайы жаракат алган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: