super.kg logo

КҮНСЕРЕП: Кыргыз мамлекетинде бир да палеонтолог адиси жок... Бишкектин мурунку мэри жооптуу кызматка отурду...

 

Бүгүн, 14-март. Өлкөнүн коомдук, саясий турмушунда бир катар окуялар болду. Мамлекет жетекчилигинин кадамдары, өлкө борборунда жана аймактарда орун алган иш-чаралар... Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз...

Кыргыз мамлекетинде бир да палеонтолог адиси жок

Кыргыз мамлекетинде байыркы жаныбарлардын калдыктарын изилдей турган бир да палеонтолог (казылып алынуучу байыркы жандыктардын сөөктөрүн изилдөөчү) адиси жок. Ошондуктан жакында Ысык-Көл аймагынан табылган байыркы жандыктын сөөгүн изилдөөгө аргасыздан археологдор барганы жатышат. Бул тууралуу бүгүн, 14-мартта SUPER.KG порталына Улуттук илимдер академиясынын Тарых жана маданий мурас институтунун археология бөлүмүнүн жетекчиси Кадича Ташбаева билдирди. Анын айтымында, кыргыз жергесинде байыркы жаныбарлардын калдыктарын изилдөө менен эч бир окумуштуу алектенбейт.

Премьер-министр Темир Сариев бүгүн, 14-мартта Бишкектин мурунку мэри Кубанычбек Кулматовду Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы кылып дайындоо буйругун чыгарды. Кулматов 2014-жылдын 15-январынан 2016-жылдын 9-февралына чейин Бишкектин мэри кызматында иштеген. Башка ишке которуларына байланыштуу быйыл 9-февралда кызматтан кетүүгө арыз жазган. Мындай кадамын ал үй-бүлөлүк шарттарга байланыштырып, убактылуу мамлекетибизден кетерин жарыялаган. Кулматовдун Евразиялык экономикалык комиссияга кызматка барары да айтылып жаткан. Мэрликтен кийин жооптуу кызматка отурарын мурунку шаар башчы отставкасынан соң берген маалымат жыйынында билдирген эле.

Аксыда митингчилер менен антимитингчилер бир жерге топтолушту

Аксы районунун борбору Кербен шаарында бүгүн, 14-мартта тынчтык митинги өттү.

Жергиликтүү тургундар элди социалдык коргоо жаатындагы кемчиликтерди аташып, айтылган талаптарга реакция кылууну өкмөттөн өтүнүштү. Митингди жергиликтүү активисттер уюштуруп, Бишкектен да өкүлдөр барганы белгилүү болду. Чогулгандардын алдына район акими Медет Айдаралиев чыгып, жергиликтүү жашоочулар айткан көйгөйлөрдү укту.

Президент жемкорлук менен күрөштү күчөтүү тапшырмасын берди

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 14-мартта Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Коррупцияга каршы кызматынын жаңы дайындалган башчысы Улан Исраиловду кабыл алды. Мамлекет башчы коррупциялык кылмыштарды ачуу жана тергөө иштеринин уюштурулушу, антикоррупциялык иш-чараларды активдештирүүнүн мындан аркы пландары тууралуу маалымат алды. Президент бардык деңгээлде коррупцияга каршы күрөштү мындан ары күчөтүү жана антикоррупциялык ишти жакшыртуу зарыл экендигин белгиледи.

Ошто гаражда жашаган карыянын жашоосунун жаңы жагдайлары ачылды

Ош шаарында гараждардын биринде жашап, коомчулуктун көңүлүн бурган 90 жаштагы Зейнеп Абдыкадырова эл катары кадимкидей пенсия алат. Ош шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгынын SUPER.KG порталына берген маалыматы боюнча, карыя уулу Асылбек Турдукулов менен чогуу Ош шаарында турат. Уулунун үй-бүлөсү Кара-Суу районунун Баш-Булак айылында жашайт. Чоң эненин кароосуз калгандагыдай жашоосуна боор ооруган Ош шаарынын тургундары анын гараждагы турмушунан тынымсыз кабар алып турушканы белгилүү.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(11)
14.03.2016. 20:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бугунку конул койоорлук жанылыктарбы...
14.03.2016. 20:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Кулматов чет олкого кетем деген эле кетпейби жакшы майлуу суттуу жерге отуруптурго эми кетпейт болуш керек. Оз милдетин жакшы аткара албай кеткен адамга мындай майлуу суттуу жерге койбой тескерисинче томонку кызмат орундарга коюш керек эле (мэрияда болум башчысы же вице мэр кылып)
14.03.2016. 20:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Кулматов кууратат.
14.03.2016. 20:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Жемкорлук менен курошууну айылдагы мектептерден айыл окмоттон ооруканалардан ж.б жерлерден баштасак онуксок керек
14.03.2016. 21:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
бул Атамбаев кыйратпайтко чагымда, жемкорчулук кучоду, акча менен чечмей
14.03.2016. 22:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кайсы окумуштуу келсе да маамыт дейт мен давно изилдеп болгом.мурун жирафтын соогу чыккан дагы коп нерсе чыгат чукуса
15.03.2016. 03:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мэрликти кыйратпаган.башкасын жыргатмак беле???
15.03.2016. 04:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кулматов жазда кетем деген эде,
неге жазде кетбедин?Энди куздо келем деген эдин,куздо неге кебедин.
15.03.2016. 09:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
bolotbai3,)))баракелде
15.03.2016. 09:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Карыя деп эркек кишиге айтылчу эле го?
15.03.2016. 09:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кулматов кайсыл иштери менен бийликтегилерге жагыптыр дейминда.Же Атамбаевке акчасы эле болсо болдубу.Канчалаган жетекчилер алмашты алар эмне иш кылды,эмнени бутурду,мамлекетке канчалык осуу алып келди деп анализ кылган бироо барбы олкодо.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: